Президент түзгөн «Ак жол» элдик партиясына президентти колдоп келген «Жаңы Кыргызстан», «Эркиндик», «Бирдиктүү Кыргызстан» партияларынын лидерлери кирген жок. Азырынча президенттик партиянын саясий кеңешинин тизмесинде «Менин өлкөм», «Содружество», «Эмгек жана биримдик», «Кыргызстан либералдык» партиясынын лидерлеринин ысмы аталууда. Ал эми премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партия парламенттик шайлоого өз алдынча бараарын жарыялап келатат.
Накта оппозициялык «Арнамыс»,
«Атамекен», «Акшумкар» жана «Асаба» партиялары болсо биригүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу «Акшумкар» партиясынын лидери Кубатбек Байболов «Азаттыкка» буларды билдирди:
-Сүйлөшүүлөр күндөп-түндөп жүрүп жатат. Менин оюмча, жагдай оппозицияны мажбурлап, бир күчтү түзүүгө түртүүдө. Ошондуктан бир күч түзүлүшү өтө ыктымал.
Кубатбек Байболовдун айтымында, учурда маселе оппозиционерлер жаңы бир партия түзөбү, же кайсы бир партиянын базасында биригеби деген маселеге келип турат:
-Маселе ушунда гана калды. Калган жагдайлардын баары талкууланып бүттү. Менин оюмча жакынкы күндөрү ушул маселенин башы ачылса жараяндар тез жүрө баштайт.
«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев андай сүйлөшүүлөр болуп жатканын ырастап, президент түзгөн партияга карата мындай пикирин айтты:
-Мыйзам чегинде алардын мындай партия түзүүгө мүмкүнчүлүгү, укуктары бар.Бирок бул жасалма партия. Анткени аларды бириктирген идея жок. Алар бийликтин айланасында топтолушууда.
«Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да оппозициялык партиялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын тастыктап, жакын арада чечим кабыл алынышы ыктымалдыгын белгиледи. Ал эми «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров Аксы окуясы боюнча сотко байланыштуу Жалалабадда жүргөнүн айтып, партиялык биригүүлөр тууралуу азырынча эч нерсе айта албасын билдирди. Бирок, анын партиялаштары оппозициялык партиялардын кеңештерине катышууда.
Ушул кезге чейин президентти колдоп келген «Жаңы Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бирөөсү да «Ак жол» партиясынын саясий кеңешине кирген эмес. Муну таңдануу менен кабыл алышканын «Жаңы Кыргызстандын» лидерлеринин бири Исмаил Исаков билдирди:
-Ооба, биз абдан таңдануу менен отурабыз. Себеби дегенде биздин партиядан бирөө да саясий кеңешке кирбептир. Биздин партия чоң партиялардан бири, абройлуу партиялардын бири.
Исмаил Исаковдун айтымында, партиянын келечектеги кадамын жакын арада боло турган курултай аныктамакчы. Айта кетүүчү нерсе, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов түзгөн «Бирдиктүү Кыргызстан» партиясы өз позициясын ачыктай элек. Алар да азырынча президент түзгөн «Ак жол» партиясынан сыртта калууда.