Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

ЧЕХИЯДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР РЕФЕРЕНДУМГА АЛГАЧКЫЛАРДАН БОЛУП ДОБУШ БЕРИШТИ


21-октябрга белгиленген референдумга карата чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандары да добуш бере баштады. Кыргызстандын Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия мамлекеттериндеги элчилиги референдумга мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү 14-октябрь, жекшемби күнү Чехия борбору – Прагада уюштурду.

Башка өлкөлөр сыяктуу эле Чехияда да кыргызстандык эмгек мигранттары, үй-бүлөлүк себептен улам жер которгондор, студенттер бар. Анткен менен өзгөчө эмгек мигранаттарынын саны так белгисиз. Буга чейин шайлоо, референдумдарга Чехиядагы кыргыз жарандары катыша алган эмес эле. Быйыл эртелеп добуш берүү бул жерде биринчи ирээт уюштурулуп олтурат. Өлкөнүн Австрия, Венгрия, Чехия, Словакия мамлекеттериндеги элчиси Рина Прижвойт "Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде мунун себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Себеби, Чехиядан биздин элчиликте, консулдук каттоодо турган жарандарыбыз Австрияга караганда көбүрөөк. Болжол менен жүздөй адам. Андыктан биз Шайлоо кодексине ылайык, Чехияда мөөнөтүнөн мурда добуш берүү уюштурууну чечкенбиз. Ага катар айрым консулдук маселелерди да аткарып жатабыз. Чехияда жашаган кыргызстандыктарга ар кандай себептерден улам Венага келүү кыйын. Биздин консул болжол бул жакка жарым жылда бир келип, мындай маселелерди чечип турат.

Андан ары элчи Рина Прижвойт бул ирээт добуш берүүнүн уюштурулушуна башка шарттар кошумча болгонун маалымдады:

- Буга кошумча, мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жаткан бул имаратта Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулунун кеңсеси болот. Ал – Петр Кмет мырза, дипломатиялык ишти жакшы билген адам. Кыргызстандын ардактуу консулу катары жигердүү иштеп берүү ниетин билдирүүдө. Ушул айдын соңунда Кыргызстан Чехия менен Словакияда тышкы иштер министрликтери ортосундагы консультацияларды өткөрөт. Ошондо Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулунун кеңсеси расмий ачылат.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат эртең мененки ондон кечки төрткө чейин уланган добуш берүүгө болсо Прагадагы кыргызстандыктар акырындап келип жатышты. Арасында кыргыз, орус улуттундагы мекендештерибиз бар экен. Элчиден соң биз, албетте, аларга микрофон сундук. Биз маектешкен мекендештерибиздин 21-октябрдагы референдумдун маани –маңызынан, Баш мыйзамга киргизилип жаткан негизги өзгөрүүлөрдөн анча-мынча гана кабары бар экени көрүнүп турда. Чехияда тогуз жылдан бери жашаган Зоя Шиховцева аттуу мекендешибиз референдумга коюлган маселеге "ооба" деп добуш бергенин жашырган жок:

Биз бул жерде Кыргызстандын консулдугу ачылганына кубанычтабыз. Биринчиден ушул жерди келип, көрүп кеткенибиз кызыктуу болду. "Ооба" деп добуш бердим. Мен ал жакта муну чечкен адамдар баарын ойлонду, жакшы жагына багытталат деген ишенимдемин. Ошон үчүн "ооба" дедик.

Азамат Тойгонбаев – Чехияда билип алып жаткан 30тай студенттин бири. Прагадагы Жогорку экономикалык мектепте окуйт. Чехияда иштеп жүргөн мекендештерибизден айрымаланып, ал биз менен болгон маегинде Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдөн кабар бар экенин белгиледи:

- Ооба, кабарым бар. Азыркы шайлоо системасы алмашат. Депутаттар бир мандаттуу округ боюнча шайланат. Шайлоодо жеңген саясий партия премьер- министрди сунуш кылат. Мен бул өңдүү реформаларга макулмун.

Кыргызстандын Австрия, Чехия боюнча элчиси ЕККУ уюмдагы өкүл да болуп да эсептелет. Элчи Рина Прижвойт бул уюмдун алдыдагы референдумга карата мамилеси кандай болуп жатат деген сурообузга :

- Референдум өлкөнүн ички иши, президенттик жана парламенттик шайлоо эмес. Андыктан менен бир олуттуу реакция болот деп ойлобойм, жөн гана эске алып коюшту.

Элчинин айтымында, Чехияда добуш берген кыргызстандыктар аз же көп болгонуна карабай, алардын бюллентендери салынып, мөөр басылган конверттер 21-октябрь референдум күнү Австриядагы элчиликте добуш берүү аяктаган соң ачылып, жыйынтыгы Бишкекке маалымдалмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG