Конституциялык реформа Кыргызстан шартында жалпы элдик добуш берүү менен коштолуп, 1993-жылдан бери төрт ирет өткөрүлдү. Конституциялык соттун ушул жылдын 14-сентябрдагы чечиминин негизинде өткөн жылы удаама-удаа кабыл алынган Конституциянын эки редакциясы жараксызга чыгып, Башмыйзам реформасынын тагдыры бул ирет да референдум аркылуу чечилгени турат.
Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси, парламент депутаты Исхак Масалиевдин ырасташынча, бу маанилүү документтерди окуп чыгууга жетиштүү убакыт белүнгөн.
- Чын-чынына келгенде эл муну бир-эки же үч саатта деле окуп чыга алат. Анан да эки жылдан бери биз өлкөнүн негизги документтерин эле талкуулап келатпайбызбы.
Кыргызстан коммунисттер лидери АКШнын Конституциясына деле эки кылым ичинде миңден ашуун оңдоо-түзөтүүлөр киргизилген деп эсептейт. Улуу Британияда болсо коомдук мамиле-катышты аныктаган толгон-токой мыйзамдар иштейт.
Парламенттин вице-спикери Эркин Алымбековдун айтуусунда, конституциялык реформанын шашылыш өткөрүлүп жатышынын бир себеби анда бийликтин тең салмактуулугун сактачу принциптин кирбей калгандыгына байланышкан.
- Эки жылдан бери шору каткан конституциялык реформаны гана айланып, ошону гана кеп кылып жүрдүк. Мунун натыйжасында жөө-жалаңдап карапайым калк эмес, аттуу-баштуу саясатчылар жакшы аңдап түшүнүүгө албаган референдумга келип жеттик. Эгер бийлик, саясий төбөлдөр, саясатчылар тарабынан бийлик тең салмактуулугун так сактаган конституциялык принципти орнотуу каалоосу болгондо минтип ашыкпай эле жасасак болмок.
Ал эми «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев башка пикирде. Анын оюнча, референдумдун ийигиликтүү өтүшүнөн шек санабай койсо деле болот.
- Менин оюмча, референдум өтөт! Кыска мөөнөттө боло да. Эң коркунучтуу нерсе парламенттик шайлоо болот. Көрүп турасыңар. Эгерде биз 2005-жылдагыдай өткөрө турган болсок, ал бизге абийир алып келбейт.
Референдумга коюлуп жаткан Конституциянын жаңы редакциясы мындан төрт жыл илгерки вариантынан анчалык деле айырмаланбастыгына «Арнамыс» партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев токтолуп, өз пикирин мындайча жыйынтыктады.
- Биз 2003-жылкы Конституциядан кыйла начар Башмыйзамды кабыл алып жатабыз. Президент бардык бийликтин үстүндө туруп калды. Ал өзү аткаруу бийлигин түзө алат, дайындай алат. Өзүна караштуу саясий партиянын көмөгү менен парламентти түзөт. Конституциялык, Жогорку сот парламент тарабынан, калган сотторду болсо өзү дайындайт.
Президент К.Бакиевдин жаңы түзүлгөн «Акжол» партиясын жетектеп калышы саны көп саясий партиялардын референдумдан кийин өтүшү ыктымал парламент шайлоо алдындагы биригүүсүн тездетти. Референдумга коюлуп жаткан Шайлоо кодексинде парламентке өтүүгө кызыкдар партиялардын алдында 5 пайыздык тоскоолдон өтүү милдети турат. Шайлоо күрөөсүнө коюлчу жарым миллион сомду эсепке албаганда деле жалпы шайлоочулардын тизмесинде көрсөтүлгөн андай чекти багынтыш өтөле кыйын. Референдум алдында бийликчил, оппозициялык партиялардын биригүүсү күчөп, саясий атаандаштыктын күнү тууп турган кези.