Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

ЖАЛАЛАБАТ: РЕФЕРЕНДУМДА ЭЛ ЭМНЕГЕ ДОБУШ БЕРЕРИН БИЛЕБИ?


Жалалабат облусунда референдумга коюлган маселелердин маани-маңызын элге түшүндүрүү начар. Көз каранды эмес партиялардын мындай бүтүмүнө бийлик өкүлдөрү макул эмес.

Шайлоочулардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнү менен бийлик референдумда каалагандай натыйжа алат. Күнүмдүк турмуш менен алпурушуп, үй-бүлөсүн эптеп багып жаткан калайман калктын саясат менен анча деле жумушу жок. Бийлик алдыга койгон максатын түрлүү ыкмалар менен жүзөгө ашыраары буга чейинки референдумдарда ырасталган. Бүткүл элдик добуш берүү күнүнө чейин саналуу убакыт калганы менен облуста үгүт-насыят иштеринин таасирдүүлүгү сезилбейт. Мурдагыдай Баш мыйзамга өзгөртүү-кошумчаларды кийирүү иштери боюнча саясий партиялар, комдук жана бейөкмөт уюмдары катышкан тегерек үстөл талкуулары же кеңири маанидеги семинар-окутуулар өткөрүлгөн жок. “Ата Мекен” партиясынын Жалалабат шаарындагы координатору Ильичбек Нарматовдун баамдашынча участкалык шайлоо комиссияларынын курамына элдин өкүлдөрү кирдиби-кирбеди, ал маселе да белгисиз:

- Элге түшүндүрүү иштери жүргөн деле жок. Шайласак дагы, каршы болсок дагы барыбир референдум өтөт. Шайлоо участокторуна элден чыккандарды койбостон, бийликте отургандарды коюп атышат.

Референдумга байланыштуу түшүндүрүү иштеринин айыл-кыштак калкынын арасында өткөрүлгөнүн Сузак районунан Узакбай Маматкулов да байкаган эмес. Мамлекеттик маалымат каражаттары 21-октябрда референдум болоору тууралу байма-бай жарыялаганы менен анын күн тартибине коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоору жана шайлоо кодексине кошумчаларды кийирүү жөнүндө шайлоочуларга ачык-даана түшүнүк берген эч ким жок:

- Элдин көпчүлүгүндө маалымат жок. Референдумду элдин оозунан угуп эле, депутаттар партиялык тизме менен келет экен дегенди гана түшүнөт эл азыр, – дейт Узакбай Маматкулов.

Юстициянын отставкадагы генералы Раимбек Момунов долбоорду ийне-жибине дейре окуп чыккан. Анын көз карашында Баш мыйзамда адам укугу эске алынып, бийлик бутактарынын милдеттери так көрсөтүлүп, демократиялык талаптарга ылайык жазылган. Баш мыйзам референдумга коюлуп, туура кадам жасалды, антпесе, аны парламенттик ыкмага салып кабыл алуу мүмкүн эмес болчу деп эсептейт ардагер Раимбек Момунов:

- Жөнөкөй законду кабыл алышпайт да, анан шайлоо кодексин алыш үчүн бир жыл талкуулап, анан алса алат, албаса албай деле коет. Ошон үчүн президент туура эле кылды.

Референдумдун маани-маңызын түшүндүрүү үчүн облуста түзүлгөн жана Бишкектен келген демилгелүү топ район-шаарларды кыдырып кайтышты. Облустагы участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан да үгүт иштери жүрүп жатат. Мындай пикири менен бөлүшкөн облбийликтин өкүлү Орозалы Карасартовдун жообу боюнча иш-чаралардын өткөнүн укпай-билбей калган адамдар үчүн бийлик күнөөлүү эмес:

- Облустун алдында демилгелүү топ түзүлүп, алар массалык маалымат каражаттары, жолугушуулар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG