Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

БАКЫТ БЕШИМОВ: КЫРГЫЗСТАН КАЗАКСТАНДЫН САЯСИЙ ЖОЛУНА ТҮШҮҮДӨ


15-октябрда бийликти жактаган саясий күчтөр «Ак Жол» партиясын уюштурушту. Анын төрагасы болуп Президент Курманбек Бакиев шайланды. Президент өзү жетекчи болгон партияны аткан минерлердин эмес, элдин партиясы болот деп жар салууда. Саясатчы Бакыт Бешимов «Азаттыкка» берген интервьюсунда президент башында турган жаңы саясий партиянын түзүлүшү Кыргызстандын Россиядагы жана Казакстандагы саясий моделдин жолуна түшүп жатканын көрсөтөт деп билдирди.

-Кечээ жыйында мамлекет башчы жаңыдан түзүлгөн партия атка минерлердин жана жетекчилердин эмес, эмгекчилердин партиясы болоорун билдирип, бул партия өнүгүүнүн алдыңкы жолуна багыт алат деди. Ал эми экс-премьер министр Амангелди Муралиев болсо президенттик партиянын пайда болушу табигый көрүнүш экенин, президент келээрки шайлоого алдын ала азыртадан камылга көрүп жатканын “Азаттыкка” айтты. Ал эми сиздин пикириңиз кандай?

-Бул келерки Жогорку Кеңешке жана 2010-жылы боло турган президенттик шайлоого даярдык, биринчиден. Экинчиден, Орусиядагы, Казакстандын саясий моделинин жолу түшүү деп айтса болот.

-Айрым саясатчылар Баш мыйзамдын учурда колдонулуп жаткан 2003-жылдагы редакциясы, 1993, 1998-жылдары кабыл алынган Конституцияда президентке партия жетектөөгө жол бербейт деген пикирин айтышты. Буларга кошула аласызбы?

-Албетте, Конституцияда так жазылып турбайбы, референдумга алып чыга турган Конституцияда да ошондой беренелер турбайбы. Ага таңкалбай эле коюш керек, анткени башталышынан Акүй, парламент дагы мыйзамды тебелеп эле келе жатат.

-Өзүңүз жакшы билгендей өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин учурунда дагы “Алга Кыргызстан” партиясы түзүлгөн эле. Мына ушундан улам президентти колдогон жаңы түзүлгөн партиянын келечеги барбы? Бакиевдин президенттик мөөнөтү бүтсө өзүнөн-өзү жаок болуп кетпейби?

- Жаңы партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрүн карап көргүлө, ошонун ичинде мурдагы эле режимде Акаевди колдойбуз деп кыйкырып жүргөн адамдар. Арасында эмгекчил адамдарды табыш кыйын. Карап көрсөңүздөр, учурда революциянын алдында азыр саясий кеңештин мүчөлөрү болгондордун бир тобу учурунда Бакиевди жолотпош керек кылмышкер деп кыйкырып жүргөн ар кандай митингдерге катышып Акаевдин режимин колдоп. Сиз туура баамдадыңыз. Бул кайрададан эле мурдагы аткаминерлердин партиясына айланып, эптеп эле бийликке жабышыш керек. Бул саясий чыр блоктор. Кандай бийлик болбосун, эптеп ага жабышып алыш керек.

-Президент колдогон партия парламентке шайлоо алдында админиcтративдик ресурстарды колдонуп бийликке келбейт деп кепилдик берүүгө болобу?

-Мыйзамды башталышынан эле тебелеп атса, кантип эле административдик ресурсту колдонбойт. Аны аябай колдонот. Андан тышкары Токмокто, Ошто шаардык Кеңештерге өткөн жалпы шайлоолор көрсөтпөдүбү. Даяр эмес акыйкат, чындыктын негизинде шайлоо өткөргөнгө. Дагы эле добуштар сатылып атат, дагы элде тизмелер так эмес, дагы эле жергиликтүү бийликтин жалпы жүргүзүп аткан иши өтө чабал.

-Кечээ биз сөз кылып жаткан жыйындан соң “Ак шумкар” партиясынын теңтөрагасы Темир Сариев “Азаттыкка” айрым оппозициялык маанайдагы партиялар биригип жаны партия түзүшү мүмкүн деген эле. Биригүүнүн себеби эмнеде?

-Жаңы партия түзүш азыркы учурда кыйыныраак го. Жаңы партия түзбөй эле азыркы учурда бардык прогрессивдүү оппозициялык күчтөр бир партиянын эки канатынын алдында чогулса жаман болбойт эле. Мен атайын белгилеп кеттим прогрессивдүү күчтөр деп. Анткени оппозициянын арасында дагы ар кандай саясий жетишпегендиктер, ар кандай саясий шылуундар бар. Ошондуктан эгерде элдин ишенимине кирейин десе, оппозиция идеологиялык ураaндарын так кылып туруп, таза, мурдагы режим менен эч байланышы жок, азыркы учурда деле өзүнүн ишин адам өткөргөн адамдарды чогулутуп туруп, бардыгы биригип барса, албетте, Кыргызстандын абалы бир топ жакшы болуп калат эле.

-Маегиңизге ырахмат.

Тектеш

XS
SM
MD
LG