Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

18:23 Нарында алтын чалгындоочуларга нааразы болгон жергиликтүү эл өкмөткө арыз кат жолдошту


Нарын районуна караштуу Жергетал айыл өкмөтүнө тиешелүү 3 айылдын тургундарынын атынан 105 адам кол койгон кайрылуу өкмөт башчысы Алмаз Атамбаевге жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул туурасында "Азаттыкка" нааразы болгон айыл жашоочулары түзгөн коомдук комиссиянын төрагасы Жасынбек Мамбетов билдирди. “Ретмет” аттуу жеке ишкана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап алтын кенин издөө боюнча чалгындоо иштерин жүргүзмөк. Бирок алар алтын издебей эле 40 гектарга чукул жайытты казып, алтын алып жатышат. "2-3 күндүн ичинде токтотулбаса элдин толкундоосу алтын издеп жаткан кытайлыктар менен чабышып, эл аралык жаңжалга айланып, референдумдун өтүүсүнө тоскоолдук болушу ыктымал,"- деп айтылат ал кайрылууда. (JI)

XS
SM
MD
LG