Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

КҮТҮЛГӨН ЖЫЙЫН, КӨҢҮЛҮ ЖОК ШААР БИЙЛИГИ


19-октябрда “Кыргызстан жашылдар партиясы” Бишкектин “Алатоо” аянтында 10 миңдей адамды чогултуп азык-түлүк баасы, коммуналдык кызмат акысынын көтөрүлүп баратканына нааразылык билдирип жыйын өткөрө тургандыгын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө билдирген. Бишкек шаар башчылыгы жана Биринчи Май райондук акимчилиги бул күнү окууга өткөн 1-курс студенттердин майрамы аянтта өтөрүн кабарлап, “жашылдар” жыйынын кийинки жумага, болбосо Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүү сунушун айтып, уруксат берген жок. Бирок да “жашылдар” партиясы белгиленген убакта “Алатоо” аянтында жыйын өткөрүү камылгасын көрүүдө.

Бишкек шаар башчысынын милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов “Кыргызстан жашылдар партиясынын” 19-октябрда “Алатоо” аянтында белгиленген жыйыны өтпөстүгүн, ал жерде студент жаштардын жогорку окуу жайына өтүшүнө байланышкан майрамдык шаан-шөкөттөр камылгасы көрүлүп жатканын маалымдаган.

“Кыргызстан жашылдар партиясынын” жетекчиси Эркин Бөлөкбаев экинчи ирет өтүп жаткан салтанат оппозициялык маанайдагы жыйынды өткөрбөөнүн гана куру шылтоосу, деген пикирде.

- Жыл сайын 1-октябрда студентикке кирүү шааниси өткөрүлөт. Быйыл да өткөн. Эми аны экинчи ирет өткөрүп жатышат. Бул элдин жолун тосуу, укугун басуу.

Шаар башчы нааразылык жыйынды 26-октябрга жылдырууну, болбосо ошол 19-октябрда кыргыз оппозициячыларына сырдакана М.Горький аянтында эле өткөрүүнү сунуштаган.

“Жашылдар партиясы жыйын өткөрүп, башкалаанын борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш жасоону көздөшүүдө. Мен ага уруксат бергеним жок. Бул жыйын шаардыктарга бир кыйла түйшүктөрдү алып келет”, деп билдирди Д.Үсөнов башкалаанын Октябрь районундагы жолугушуусунда.

“Кыргызстан жашылдар партиясынын” төрагасы Эркин Бөлөкбаевдин ырасташынча, бийлик төбөлдөрүнүн өтөлек жыйындан эмитен эле чочулап жатышынын бир себеби азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүп кетишине байланыштуу. Ага жараша өкмөт айлык маяна, пенсия, жөлөкпул өлчөмүн көбөйтө элек.

- Ошого пропорционал айлыкты, пенсияны, жөлөкпулду көтөрсүн. Ошондой маселелер бар.

Э.Бөлөкбаев жергиликтүү жетекчилердин каршылыгына карабастан, белгиленген жыйын “Алатоо” аянтында өтөрүн “Азаттыкка” ырастады.

- Жыйын өтөт! “Жашылдар партиясы” өзүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырат. Ал борбордук “Алатоо” аянтында өтөт.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов шаар башчылыгынын уруксаты жок “Алатоо” аянтында жыйын өткөрүлбөсүн, андайга жол берилбестигин айтты.

- Эгер мэрия уруксат бербей, эртең менен эл чыга турган болсо, анда биз элди жыйын өткөрүүгө болбостугун эскертебиз. Эгер алар баш ийбей турган болсо, анда өзүбүздүн иш план боюнча чараларды көпрөбүз.

“Арнамыс” партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиевдин пикиринде, мыйзам жүзүндө Конституцияга ылайык шаар бийлиги тынч жыйын өткөрүүгө тыюу сала албайт, белгиленген жыйын айтылган жеринде өтөт.

- Мыйзам боюнча булар тыюу сала албайт. “Жашылдар партиясы” сурандыбы, айттыбы. Ошол айтылган жерине барып жыйын өткөрө берет.

Референдум жакындаганы саясий талаш-тартыш күчөөдө. Азык-түлүк менен коммуналдык кызмат акынын көтөрүлүшүнө нааразы болгондордун туусун көтөрүп “Кыргызстан жашылдар партиясы” чоң жыйын өткөрүүгө камданууда.

- Булар түздөн-түз референдумга каршы адамдар да. Кудай билет 2 миң киши чогулта алабы же чогулта албайбы,- деп билдирди “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев.

Күтүлгөн жыйынды көтөрүлгөн баага нааразы болгондор жапырт колдоп кетеби же кайдыгер калып калабы – аны алдыдагы убакыт ачыкка чыгарганы туру.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG