Игорь Сечин 1960- жылы туулган, Ленинград университетин гуманитардык адистик боюнча бүтүргөн, португалча жана англисче сүйлөйт. Сечиндин КГБда иштегени документ жүзүндө эч качан ырасталган эмес, бирок документтеринде 1980-жылдарда Мозамбик менен Анголада котормочу болуп иштегендиги айтылат. Азыр ал президенттик администрациянын башчысынын орун басары. Айрым маалыматтар боюнча ЮКОС компаниясынын ишин иликтөөгө жана анын сотто каралышына көзөмөл жүргүзгөн. 2004-жылдан бери Роснефть компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы. Эсиңиздерге сала кетели, Сечиндин башкаруусу астында Рорснефть ЮКОСтун эң кирешелүү Юганскнефтегаз компаниясына ээлик кылып калган. 1997-98-жылдарда Путин менен бирге Петербургдун шаар адмиинстрациясынын мамлекеттик мүлктү башкаруу департаментинде иштеген, 1999-2000 жылдарда Путин Россиянын өкмөт башчысы болуп турганда Сечин премьердин администрация башчысы болуп калган.
Виктор Иванов, 1950-жылы туулган, 1974- жылы Ленинграддагы элетротехникалык институтту бүтүргөн, 2004- жылдан бери президенттин жардамчысы. Виктор Иванов ЮКОС компаниясына каршы кылмыш ишин козгоонун демилгечиси болгону божомолдонот. Өкмөттүн ишин менен "Алмаз-Антей" деген ракеталарды чыгыруучу конгломераттын директорлор кеңешинин төрагалык кызматы менен бириктирет. Конгломерат коргоо тармагынын 60тай ишканасын камтыйт. Андан сырткары Виктор Иванов Аэрофлоттун кеңешчилер тобунун башчысы. Иванов КГБда 1977-94 жылдардын аралыгында иштеген, Путин менен 90- жылдардын орто ченинде Лениградда КГБда иштеп жүргөн кезинде таанышкан.
Сергей Иванов, 1953- жылы Лениградда туулган, билими боюнча филолог, англис жана швед тилдеринде сүйлөйт. Иванов азыр аскердик - өндрүш комлекси жана жогорку технологиялар маселелери үчүн жооптуу вице премьер. 2001-2005-жылдардын аралыгында коргоо министри болуп иштеген. Өкмөттүн кызматы менен бирге эле 2006-жылдан бери Россиянын Бириккен Авиакорпорациясынын директорлор кеңешин башкарат. Корпорациянын 75 проценти өкмөткө таандык. Корпорацияга Сухой, Туполев жана Илюшин үлгүсүндөгү учактарды чыгаруучу заводдор жана башка ишканалар кирет.
Иванов КГБнын генералы, КГБда иштеп жүргөн чагында Скандинавия жана Африка өлкөлөрүндө иштеген. Путин менен 1970-жылдарда Лениграддын КГБсинде иштеп жүргөндө таанышкан.
Булардан сырткаары Азаттыктын жаңылыктар бөлүмүнүн материалдарында дагы 11 жооптуу өкмөт өкүлдөрүнүн өмүр таржымалы келтирилген, алардын дээрлик баары КГБнын мурдагы кызматкерлери болушкан, басымдуу көбү өкмөттүк кызматтарынан тышкары ири өндүрүш ишканаларынын жетекчилер кеңешин башкарышат. Буларды карап отуруп, Путин Кремлге КГБчыларды алып келип, өлкөдөгү стратегиялык маанидеги обьекттерди КГБнын көзөмөлүнө өткөрүп берди деген айыптоолор негизсиз эмес экенине ишенесиң.
Баян Жумакадыр кызы, Прага