Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:28

ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ: ШАЙЛООГО КАРАЙ КАМЫЛГА КҮЧӨДҮ


Кыргызстанда саясий партиялардын активдешүүсү күч алууда.Оппозициялык партиялар биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантса, премьер-министр жетектеген Социал-демократиялык партия региондордо кеңселерин ачууда.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 102 саясий партия катталган. Акыркы болуп президент жетектеген «Ак жол» партиясы 15-октябрда катталды. Партия катталаар замат Курманбек Бакиев партиядагы ишмердүүлүгүн токтотконун партиянын төрагасынын орун басары Автандил Арабаев 16-октябрда билдирди:

-Кечээ биз Юстиция министрлигинде каттоодон өттүк. Партия юридикалык тарап катары расмий түрдө катталганга байланыштуу Курманбек Бакиев президенттик кызматты аткаруу мөөнөтүндө партиядагы ишмердүүлүгүн токтоткону тууралуу арыз менен саясий кеңешке кайрылды.

Автандил Арабаевдин айтымында, «Ак жол» партиясына партиялар эмес, инсандар кабыл алынууда. Бирок президентке жакын саясатчылар түзгөн «Бирдиктүү Кыргызстан», «Жаңы Кыргызстан», «Ата журт» партиялары, алардын лидерлери кайсы бир тарапка ыктаары белгисиз бойдон калууда.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген Социал-демократиялык партия болсо, эки күндөн бери Ош жана Жалалабад облустарында партиянын кеңселерин ачууда. Партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсаловдун билдирүүсүнө караганда, Социал-демократиялык партия парламенттик шайлоого өз алдынча барууга даяр. Кээ бир партиялардан биригүү тууралуу сунуштар түшүп жатат. Бирок кимдер менен биригүү болбосун Байсалов мындайча баяндады:

-Биз Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы азыр деле өз алдынча шайлоого катышууга даярбыз.Бирок биз тарта турган адамдар да бар. Бирок биз мурунку коррупционер, азыркы коррупционерлер, бийликчил, бийликтин атын жамынып, өзүнүн чөнтөгүн ойлогон партиялар менен эч качан бирикпейбиз.

Ошентип башында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Эдил Байсалов, Туйгуналы Абдраимов турган Социал-демократиялык партия өзүн ишенимдүү сезип турат.
Бул арада оппозициялык «Атамекен»,
«Акшумкар», «Арнамыс» жана башка партиялар биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат. Ал тууралуу «Ак шумкардын» лидерлеринин бири Кубатбек Байболов билдирди:

-Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жети-сегиз партия катышууда. Бирок бир жыйынтыкка келе элекпиз.

Партиялык жыйындар, сүйлөшүүлөргө караганда, эгерде мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо болсо, төрт-беш партия өз алдынча таймашка түшөөрү айкын болууда.

Алардын арасында, албетте, президент баштаган «Ак жол» партиясы өз алдынча барат.

Андан сырткары оппозициялык партиялар бир, же эки топ менен шайлоого барышы ыктымал. Азыр айкын болгондой, учурда «Атамекен» партиясы менен «Ак шумкар» партиясы өзгөчө жакындашууда. «Ар намыс» партиясы алар менен сүйлөшүүлөргө катышкан менен обочолонуп турат. Ошондуктан бул партия өз алдынча шайлоого барууга мажбур болушу ыктымал. Ал эми Азимбек Бекназаров жетектеген «Асаба» партиясы бир жагы оппозиционерлер менен жакын, бирок ошол эле мезгилде Социал-демократиялык партия менен дурус байланышы бар. Ал эми социал-демократтар шайлоого өз алдынча бараарын байма-бай кайталап келатат. Ошентип, Социал-демократтар өз тизмеси менен шайлоого баруучу үчүнчү күч катары турат. Булардан сырткары өз тизмеси менен шайлоого Исхак Масалиев башында турган Кыргызстан коммунисттик партиясы да барат. Ал эми «Жаңы Кыргызстан» партиясы тагдырын тобокелге салуудан тайсалдап туру. Анткени 5% шайлоочунун добушун алуу мүмкүн болгон менен, ар бир региондон 0.5% алуу талабы татаал.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG