Украинанын батышындагы Одесса – Броди мунай куурунун курулушу 2001-жылы эле аяктаган жана анын баштапкы максаты Чыгыш Европаны мунай менен Орусияныкына атаандаш булактардан камсыздоо эле. Бул үчүн зарыл инфраструктуранын баары даяр болгону менен максат тилекке каршы орундалбай келүүдө. Ал кездеги идеялардын бири - мунай өндүргөн Казакстан менен Азербайжанды кара майын ташууда аталган куурду колдонууга ынандыруу болгон. Бирок, Азербайжан менен Казакстан эч качан бул куурду мунай менен камсыздоого милдеттеме алган эмес. Ал эми Одесса-Броди мунай кууру 2004-жылдан бери эл аралык базарга Орусиянын мунайsy чыгаруу үчүн колдонулуп жатат.
Эми болсо ушул айдын башында, Вилньюстагы саммитте Польша, Украина, Литва, Грузия, Азербайджандын президенттери аталган куурду Украинанын Броди шаарынан Польшанын Плоск шаарын көздөй узартууну караган келишимге кол коюшту. Каспийдин мунайын Чыгыш Европага жеткирүүгө багытталган жаңы куурдун курулушу 700 миллион долларга бааланууда жана анын узундугу 500 чакырым келет. Эгер баары ойдогудай болсо, курулуш 2012-жылга карата аякташы керек. Анткен менен жаңы макулдашууга карабай, кайра эле эски суроолор калкып чыгууда. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун энергетика маселелери боюнча аналитиги Роман Купчинскинин пикиринде, андай суроолордун эң башкысы – жаңы кууруду мунайга ким толтурары жөнүндө. Анын негизги камсыздоочулары деп каралган Казакстан менен Азербайжан азыртан эле бул долбоорго катышаарынан шек санатып жаткан кези.
Маселен, Азербайжан өз мунайын дүйнөлүк базарга 2005-жылы ишке киргизилген Баку-Тбилиси-Жейхан кууру аркылуу чыгарууда жана мунай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтөрүн азырынча ишара кыла элек. Аталган куурдун али да кошумча мүмкүнчүлүктөрү болгондуктан, анын куруучусу-Бритиш Петролиум компаниясы баштаган концорциум Азербайжанга мунайын башка да куур аркылуу чыгарууга жол бериши күмөндүүдөй. Өлкөнүн мамлекеттик Сокар мунай компаниясы 15-октябрь күнү, алардын жаңы долбоорго катышуусу биротоло чечиле элек, андай чечим 2008-жылга чейин кабыл алынбайт деген жарыя жасады.
Долбоорго кол койгон өлкөлөрдүн бири – Литванын эл аралык мамилелер институтунун аналитиги Томас Жанелиунас бул долбоордун ишке ашуусунда Азербайжандын ролу өтө маанилүү экенин белгилейт:
- Балким, долбоорго Азербайджандын катышуусу - келишимдин эң башкы элементи. Азербайджан мунай менен камсыздай ала турган жалгыз катышуучу. Азербайджансыз бул долбоор иштей албайт. Азырынча пландалгандай, азери мунайы Одессага чейин танкерлер менен алып келинет. Ал эми Грузия Кара деңиздин түбү аркылуу куур төшөө мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Ал эми экинчи бир ыктымал камсыздоочу - Казакстандын атынан Вилньюстагы саммитке өлкөнүн энергия жана табигый ресурстар министри Сыуат Мыңбаев катышып, бирок келишимге кол койгон эмес, өлкөсүнүн мунайды Орусия аркылуу экспорттоо милдеттемеси бар экенин белгилеген.
Айтор, Одесса – Броди – Плоск жаңы кууру үчүн Казакстан менен Азербайджандын мунайы табылган күндө да адистер жүктү Грузия аркылуу алып өтүү өтө татаал экенин белгилешет. Вилньюстагы жыйында каралган жолдордун бири - мунайды танкерлер менен Грузиянын Батуми жана Супса портторунан Одессага жеткирүү болгон. Бирок буга кеткен чыгымдар долбоорду коммерциялык жактан өзүн-өзү актабагандай кылып коюшу мүмкүн.