Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

ШВЕЦИЯ - МИГРАНТТАР ҮЧҮН ЕВРОПАДАГЫ ЭҢ ЫҢГАЙЛУУ ЖЕР


Чет элдик мигранттар үчүн Европанын эң ыңгайлуу өлкөсү – Швеция. Бул тууралуу жыйынтыгы ушул аптада жарыяланган иликтөөдө айтылат. Иликтөө Евробиримдиктин колдоосу астында өткөрүлгөн.

Интеграциялык саясаттын индекси деп аталган иликтөө Европадан 25тей уюм кирген концорциум тарабынан жүргүзүлгөн экен. Аталган иликтөөнүн авторлорунун эсебинде, Еврошаркеттин 25 өлкөсүндө азыр 21 миллиондой мигрант жашайт. Алардын кеминде жарымы шаркеттин ири жана калктуу өлкөлөрү – Британия, Испания, Германия, Италия, Франциянын үлүшүнө туура келет. Бирок, иликтөө мигранттардын жергиликтүү жамаатка камыр –жумуш аралашуусу үчүн эң ыңгайлуу шарт шаркеттин орто жана чакан өлкөлөрүндө түзүлгөнүн көргөзгөн.

Тизменин көч башында эң оболу Швеция, андан кийин Португалия, Бельгия, Нидерландия жана Финляндия турат. Иликтөөнүн авторлору өз ишинде мигранттардын жашоо -шарты менен байланыштуу 140 факторду эсепке алышкан. Арасында мигранттардын иш орундагы укугунун сакталышы, туруктуу жашоочу укугун алуу мүмкүнчүлүгү, аларга үй-бүлө мүчөлөрүнүн кошулуусуна уруксат берилиши, тигил же бул өлкөнүн расизмге жана ксенофобияга жол бербөөгө багытталган мыйзамдары өңдүү маселелер бар.

Мына ушул өңдүү факторлорду эске алганда, жалпысынан эң жогорку упайды Швеция топтогон. Изилдөө авторлорунун айтымында, бул өлкөдө туруктуу жашоочу укугун алуунун адилеттүү, жөнөкөй жана ачык системасы түзүлгөн.

Кыргызстандык Асель Аманбаева бир нече жылдан бери Швециянын борбору - Стокгольмда жашайт. Эки өлкөнүн ортосунда көпүрө орнотууну максат кылган Кыргыз-швед борборунун төрайымы. Биз менен болгон маегинде ал төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

- Швеция чын эле башка өлкөдөн башпаанек издеп же четтен жакшы жашоо табуу аракетинде келген адамдарга лоялдуу мамиле кылган өлкө. Биринчиден бул алардын мүнөзүнө байланыштуу болсо керек. Шведдер өз чыдамкай келишет, адамдарга ишенишет. Ар кайсы өлкөдөн келип, башпаанек сурашат. Алардын баарынча чыдамкайлык менен мамиле кылып, жакшы жардам беришүүдө. Көп сандагы тил мектептерин ачышып, мигранттардын баарын швед тилине бекер окутушууда.

Мекендешибиз Асель Аманбаеванын айтымында, швед бийликтери четтен келген мигранттардын макамы жергиликтүү мыйзамдардын талаптарына жооп берген учурда алардын турумуш-тиричилик маселесин чечкенге да жардам берет, бирок бул үчүн өлкөнүн аба-ырайысы салыштырмалуу суук түндүк бөлүгүнө барууга туура келет:

- Квартиралар берилет, болгондо да жаңы үйлөрдөн. Бирок, Стокгольм же Мальмо өңдүү борбордогу шаарлардан эмес, негизинен өлкөнүн түндүгүнөн. Албетте, ал жакта аба –ырайы суук, анткен менен ошол аймактарда шведдер өздөрү да жашашат. Анан, адамдын билими болсо, жумуш таап берүүгө аракеттенишет.

Кайра Еврошаркеттеги изилдөөнүн тыянагына токтолсок, мигранттарга түзүлгөн шарт –жагдай жагынан эң аз упайды 25 өлкөнүн ичинен Латвия алган. Германиянын конституциясында, мыйзамдарында мигранттар үчүн так кепилдиктер жазылганы менен бул өлкөгө изилдөөдө акыркы орундардын бир ыйгарылыптыр.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG