Биздин планетабызда адамдардын баарын тойгузууга жетиштүү азык түлүк өндүрүлөт, бирок ошого карабастан күнүнө 854 миллион адам кечинде ачка жатышат, деп билдирди Улуттар уюмунун азык- түлүк жана айыл- чарба уюмунун директору Жак Диуф 16- октябрда Римде сүйлөгөн сөзүндө.
"Адамдардын тамактануу укугу Улуттар уюмунун Адам укуктары декларациясында 1948- жылы бекитилген, бирок ошого карабастан, адамдардын ал укугу дагы эле ишке ашырылбай келатат."
2004-жылдан бери Улуттар уюмунун азык- түлүк жана айыл чарбачылыгы боюнча уюму юридикалык жактан бекитилген бул укуктун чындап ишке ашырылуусу үчүн чара көрүп жатат. Бул чаралар айрыкча экономикасы начар өнүккөн, калктын тамактануу укугун камсыз кыла албаган өлкөлөрдү азык- түлүк менен камсыз кылууга багытталган.
Эгин менен ундун жана башка азык- түлүк продуктулардын кескин кымбаттап кеткенине байланыштуу, калктын каражатына чак келе турган азык- түлүк менен камсыз кылуу чоң маселе болуп калды. Ун, нан , май, жашылча- жемиштин, эттин, сүттүн, жумуртканын жана башка эң зарыл азыктардын кымбатташы Кыргызстан калкынын басымдуу көп бөлүгүн жакырдыктын жарына алып барып такады.
-Менин пикиримде, акыркы кымбаттоонун натыйжасында, Кыргызстан калкынын кеминде 70 проценти жакыр болуп калды. Жагдайды чет элге кеткен мигранттардын жардам берип жатканы бир аз болсо да жеңилдетип жатат. Чет элге иштеп, акча табуу үчүн кеткен кыргызстандыктар үй бүлөсүн багып, республикага жылына кеминде 500-700 миллион доллар жиберип жатышат. Түштүктө жаштар калган жок, 35-40ка чейинки жаштар бүт эле чет өлкөгө кетишти. Эгерде сыртта жүргөн эмгек мигранттарыбыздын жардамы болбогондо, абал абдан оор болмок,-дейт Жашылдар партиясынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев.
Жашылдар партиясы Кыргыз өкмөтү жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн, саясат өзүнүн бийлигин бекемдеп алуу менен алектенип жатып, быйыл да колдон чыгарып жиберди деп эсептейт.
-Өкмөт андай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберди. Эгерде күзгү айдап, себүү иштерине өкмөт эң кур болбогондо эгин үчүн 50 миллион доллар сарптаса, келеркиде 200 миллион доллар коротуунун кереги жок болот болучу. Айыл- чарбачылыгына колдоо көрсөтпөгөн үчүн биздин калк ун менен камсыз болбой жатат. Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан норма боюнча киши башына жылына 150 килограммдан ун керектеле турган болсо, 2005-2006- жылдарда бизде киши башына кеминде 80-90 гана килограмм ун менен камсыз болгон,- дейт Жашылдардын лидери Эркин Бөлөкбаев.
Эгерде абал жакшы жагына өзгөрбөсө, ач көтөрүлүштөр болушу мүмкүн деп кошумчалады ал бизге берген интервьюсунда.
Баян Жумакадыр кызы, Прага