Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИН ЧЫҢДООДО ЖЫЛЫШТАР БАРБЫ?


Кечээ эл аралык “Чекарасыз кабарчылар” уюму дүйнөнүн 169 өлкөсүндөгү басма сөз эркиндигинин жылдык көрсөткүчтөрүн жарыялады. Адаттагыдай эле жадыбалдын эң төмөнкү бөлүгүнө 20 өлкө жайгаштырылган, бул өлкөлөрдө басма сөз эркиндиги дегеле жок же жокко эсе деп бааланат. Булардын арасында мурдагы совет өлкөлөрүнөн Белорус, Өзбекстан жана Түркмөнстан аталган. Кыргызстанга быйыл тизмеде 110-орун тийген. Эгерде салыштыра турган болсок, коңшулаш Тажикстан 115-тепкичте, ал эми Казакстан 125-тепкичтен орун алган. Кабарчыбыз Зейнеп Мартбек кызы Кыргызстандагы басма сөз абалы тууралуу «Медиа өкүл» институтунун директору Илим Карыпбековду кепке тарткан эле.

- “Чегарасыз кабарчылар” уюмунун быйылкы доклады эсеби жагынан 6-документ, анда Кыргызстанда бул жаатта өткөн жылга салыштыралуу бир аз жылыштар бар деп айтылат. Буга макулсузбу? Сиздин баамыңызда абал оңолдубу?

- Кыргызстандын ордун карап көрсөк дагы эле төмөн. Борбордук Азияга караганда бизде өркүндөгөн, өскөн деп айтып атабыз. Бирок карап көрсөк, берген орун өтө төмөн болуп эсептелинет. Мунун себебин мен билип эле отурам. Бул Кыргыз
Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге каршы болгон доо-арыздар сотко жетип, анан соттун чечимдери моралдык компенсация өндүрүү боюнча жана журналисттерди камоого чейин өкүмдөрдү чыгарганына жараша болуп жатат. Былтыркыга караганда өнүгүп кетти деп айтууга болбойт, анчалык деле бизде маанилүү көрсөткүчтөр болгон жок.

- Жакында эле “Белый пароход” гезитинин кабарчысы Елена Авдеева жазган макаласы үчүн иши сотко өтүп, 30 миң сом доого жыгылган эле. Ал эми ушул жылы бир катар журналисттерге кол салуулар болгонун өзүңүз жакшы билесиз. Бир мисалынын айтсам, “24-kg” маалымат агенттигинин кызматкери Азиз Эгембердиевди апрелдеги митинг учурунда он чакты адам сабап жатканда ошол балдардын жүзү тасмага тартылып калса дагы, ушул күнгө чейин бир дагы кылмыш иши козголгон жок. Муну кандай түшүндүрөт элеңиз?

- Эң туура айтасыздар. Андан көп өндүргөндөр да бар. Мисалы “Агым” гезитинен 100 миң сомдон ашык өндүрүлдү. “Белый пароходду” айтып кетсек, мисалы көп-көп журналисттер өз күчү менен соттун алдында өзүнүн укуктарын коргоп алабыз деп көбү сотко өздөрү барышат. Юрист жалдашпайт, же болбосо укук багытында компетенттүү адамдарга кайрылбайт. Журналисттерди сабаган кишилер табылган жок. Бул дагы кайсы бир деңгээлде биздеги бийликтин жана укук коргоо органдарынын журналисттерге болгон мамилесин, сөз эркиндигине болгон мамилесин көрсөтөт болуш керек.

- Жакында эле журналисттер коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев “Азаттык” үналгысына берген маегинде өлкөдө журналисттердин абалы күн сайын кыйындап баратат деп айтты эле. Мунун бир нече себеби, алардын арасында журналисттик тилектештик жок деген эле. Бул пикирге кошуласызбы?

- Журналисттик тилектештик чынында эле жок. Мунун себеби коомчулукта эч кандай ич ара эрежелер жок. Кыргыз Республикасында болсо журналисттердин бир жолу бар, булар өтө эгемендүү болгусу келип, эч кандай эреженин болушун каалашпайт.

- Алдыда жалпы элдик референдум жана башка чоң саясий окуялар күтүлүүдө. Ошол учурда журналисттерге ар түрдүү, ошонун ичинде мыйзамга каршы аракеттер көрүлүшү мүмкүнбү?

- Мен ойлойм сөзсүз түрдө көрүнүшү мүмкүн. Себеби, бизде тилекке каршы 90 пайыз жалпыга маалымдоо каражаттардын ээлери саясий позициясы бар адамдар болуп келет. Алар сөзсүз түрдө өзүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарын референдумда өзүнүн саясий кызыкчылыгына жетиш үчүн колдонушат. Бул өткөнкү шайлоолордой эле акыркы болуп токмок жеп, сабоо жеп жана соттолуп кала беришет.

- Маегиңизге ырахмат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG