Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

АКШ ИРАНДЫ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫСМАККА АЛАТ


Иранды атомдук курал жасап чыгаруу максатынан баш тартыруу үчүн АКШнын колунда аскердик, экономикалык жана саясий каражаттар бар. Азырынча АКШ анын ичинен экөөнү гана колдонууда. АКШнын сунушу боюнча Улуттар уюму Иранга каршы эки жолу санкция киргизди, эми Америка Иранга экономикалык кысмак кылууну күчөтмөкчү.

АКШ Иранга каршы аскердик күч колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тарта элек, бирок андан мурда өлкөгө экономикалык кысмак кылууну күчөтмөкчү болуп жатат. АКШнын Финансы министрлигинин жооптуу кызматкери Стюарт Леви өкмөттүн колунда Иран террористтер менен террордук уюшмаларга финансылык колдоо көрсөтүп жатканын бышыктаган фактылар бар экенин айтты.

Азаттыктын Вашингтондогу кеңсесинде сүйлөгөн сөзүндө Леви анын милдети Ирандын террордук уюшмаларга жардам берип жатканын жана арам акчаларды адалдап жатканын бышыктаган таныктарды издеп табуу экенин айтты.

Латын Америкадагы наркоаткесчиликти ооздуктоо жана Түндүк Кореянын ядролук программасын токтотуу компаниясынын учурунда Америка мындай тактиканы кеңири колдонуп, анын бир кыйла таасирдүү экенине көзү жеткен.

-Биз азыр Иран терроризмди каржылоо жана атомдук ракеталарды чыгаруу программасын алгалатуу ишинде эл аралык финансылык системаны кандай пайдаланып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшө баштадык,-деди Леви.

Мындай маалыматтарды таратуунун арты менен АКШ Иран менен алакалашкан компаниялар аны менен байланыштарын үзүп, өлкөнү бөлүп салаарына жана мындай изоляциялоо Ирандын террорчул аракеттерине залакасын тийгизерине үмүттөнөт. Көп жактан кысмак кылуу АКШнын жалгыздап кысым көрсөткөнүнөн көрө алда канча тассирдүү болот, деген көз карашта Леви.

Мындай чаралар менен АКШ Европадагы банктарды, Иран менен ишкер байланыштары бар компанияларды жана буга чейин Иранга каршы катуу чара колдонууга каршы болуп келаткан Кытай менен Россиянын аракеттерине таасир эткиси келет. Бул өлкөлөрдүн финансылык институттары менен компанияларына Ирандын Садерат жана Сепах сыяктуу банктары террористтерди кандайча ыкмалар менен каржылап жаткандыгы жана ядролук куралдарды чыгаруунун сырларын таратуучуларды кантип колдоп жаткандыгы жөнүндө майда- бачегине чейин маалымат берилет.

«Мисалы, биз Иран көптөгөн финансылык трансакциялардан өзүнүн атын алып салып жаткандыгы жөнүндө кабардар кылдык. Бул анын мыйзамсыз иш кылып жаткандыгынын таныгы. Муну уккан компаниялар менен фирмалар, албетте, мындан тыянак чыгарууга ашыгат, анткени компаниялардын көбү жаманатты болгусу келбейт»,- дейт Леви.

Улуттар уюмунун санкциялары менен айкалыштырса бул чаралар Иран режимин ядролук куралды жасап чыгаруу амбициясынан баш тарттырышы ыктымал, деп ишенет Леви.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG