Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

ДАЛАЙ-ЛАМАГА ЖОГОРКУ АМЕРИКАЛЫК СЫЙЛЫК ЫЙГАРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Вашингтон шаарында президент Буш Тибеттин руханий жетекчиси Далай-лама менен жолугуп-сүйлөштү. Андан соң Далай-лама АКШ Конгрессинин Алтын медалы менен сыйланды жана салтанаттуу жыйынга президент дагы катышты. Буга чейин америкалык президенттер Далай-ламанын катышуусу менен өткөн расми жыйындарга келчү эмес.

Америкалык президенттер Далай-лама менен көп жолу жолуккан жана азыркы президент Жорж Буштун 16-октябрда өткөн жыйыны алардын төртүнчү кездешүүсү болду. Жолугушуу жабык эшик артында жана Ак үйдүн расми эмес, президенттин үй бүлөсү жашаган бөлүгүндө өтүп, жарым саатка уланды, ага эч журналист чакырылган жок. Мурдагы кездешүүлөр дагы ушул сыяктуу тартипте өтчү.

Бирок ошол эле күнү кечинде Конгрессте атайын жыйын болуп, анда Далай-лама АКШнын аскерий эмес эң жогорку сыйлыгы - Конгресстин Алтын медалы менен сыйланды жана ал расми салтанаттуу жыйынга президент Буш дагы катышты. Мурда андай болгон эмес.

Жыйынды Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси алып барды жана ал - Далай-лама адам эркиндиктери жана өзгөчө диний эркиндик үчүн күрөштө дүйнөдө эң белгилүү адамдардын бири экени, ички дүйнө менен сырткы көрүнүш ортосунда гармония орнотууда жана эркиндик үчүн күрөштө башкалар андан үлгү ала турган адам деп айтты.

Конгресстеги жыйындан кийин салтанат имараттын сыртында уланды жана ага бир нече миң адам күбө болду. Конгресстин Алтын медалы менен кимдир бирөөнү сыйлаш үчүн эки палатанын тең мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин макулдугу керек, бул медаль менен мурда АКШ президенти Жорж Вашингтон, Британиянын премьер-министрлери Уинстон Черчилль жана Тони Блэр, Түштүк Африканын президенти Нельсон Мандела, адам укуктарын коргогон Тереза-эне, Папа Иоанн Павел Экинчи жана башкалар сыйланган.

Президент Буш Далай-лама менен жолугаары белгилүү болгондо, Бээжин өз каршылыгын билдирген, бирок Ак үйдүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, сентябрдын башында Австралияда дүйнөлүк саммит өткөндө, Буш ал маселени Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен талкуулаган.

Анткен менен Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Цзянчао 16-октябрда атайын билдирүү жасап, Вашингтонду сынга алды жана АКШнын ката туруму оңдолооруна ишенгенин айтты. Андан тышкары, анын билдиргенине караганда, 17-октябрда Берлин шаарында Иран маселеси боюнча өтө турган жыйынга Кытай техникалык себептерден катыша албайт. Ал жыйында - Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине мүчө беш мамлекет жана Алманиянын өкүлдөрү - Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселени талкууга алууда.

АКШнын Бээжиндеги мурдагы элчиси Жеймс Лиллинин айтымында, эми Кытай тарабынан дагы башка кадам күтсө болот:"Мага бул опурталдуу болуп көрүнөт, аны Кытайдын намысына тийүү деген болбойт, бирок Кытай алдында маселе пайда болууда жана алар жооп да кайтарышы мүмкүн. Мына, алар Берлиндеги жыйынга катышпай койду. Андан, албетте, чоң маселе чыкпайт, аны чечсе болот, бирок Вашингтондогу жолугушуу - Кытай компартиясынын 17-курултайы болуп жаткан кезде өткөнү көп жакшы эмес. Менин оюмча, эми алар - америкалыктар антсе биз минтебиз деген жолго түшүшү мүмкүн", - дейт мурдагы элчи.

АКШга чейин Далай-лама Алманияга келип, 23-сентябрда немис канцлери Ангела Меркел менен дагы жолугуп кеткен.

XS
SM
MD
LG