Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

ЕВРОШАРКЕТ ӨЗБЕКСТАНГА ОЛЧОЙГОН БЕЛЕК КЫЛДЫ


Укук коргоочулар Өзбекстанга каршы мындан эки жыл мурда киргизилген санкциялардын бошоңдотулганына нааразы болуп жатышат. Еврошаркеттин 15- октябрда кабыл алган чечими боюнча Анжиян кырганына байланыштуу Өзбекстанга каршы киргизилган санкциялар алты айлык мөөнөткө бошоңдотулуп, өлкө жетекчилигинде иштеген 8 кишиге виза берүүгө салынган тыюу убактылуу күчүнөн кетирилет.

Еврошаркеттин бул чечимине берген түшүндүрмөсүндө уюмдун тышкы иштер комиссары Бенито Ферреро Вальднер уюм Өзбекстандагы адам укуктарынын жагдайына дагы эле камтама болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, өткөн бир жылдын ичинде уюмдун Анжиян окуялары боюнча эксперттер тобу саясий туткундардын айрымдарын бошотуу, өлүм жазасын алып салуу жана адам укуктарынын жалпы эле жагдайына байланыштуу Өзбекстандын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана өлкөнүн ага катышканы биз үчүн ага ак ниет ишара жасообузга жетиштүү негиз болду,- деп билдирди Вальднер.

-Мындай ак ниет ишара кандай натыйжа берет, аны көрө жатарбыз. Өзбекстан региондогу эң көп калктуу өлкө, ал биздин Борбор Азия стратегиябызда камтылган. Аны катардан чыгарып салганыбыз туура эмес болот, биз аны менен иштешип, адам укуктарынын абалын аз-аздап жакшыртуубуз керек ,-деди Бенито Ферреро Вальднер.

Бирок Еврошракеттин чечими укук коргоочулардын терең нааразылыгына туш болду. Хьюман Райтс Уотч уюму мындай ишара Ташкенге жасалган олчойгон белек болду, ал андай белекке арзыбайт, деп билдирди.

-Европадагылар Анжияндагы кан төгүүнү, аянтка жаадырылган октон бөөдө шейит кеткен адамдарды, камакка алынып, кыйноолор менен жазалангандарды эстен чыгарып коюшту ,-деп нааразы болду Эл Аралык Кризистик Топтун директору Эндрю Стрөлайн.

-Өзбекстандагы укук бузуу 2005-жылдын май айындагы кыргын менен эле бүтүп калган жок, андан кийин адамдарга жалган жалаа жапкан канчалаган сот процесстери, укук коргоочуларды камап, кыйнаган учурлардын канчасы болду. Улуттар уюмунун эки өкүлү барып, анда акыркы бир нече жылдын ичинде болгон зордук- зомбулукту иликтеп келишти. Алар адамдарды кыйноо бул өлкөнүн системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калганын айтып келишти. Эми минтип Еврошаркет ошол режимге каршы киргизген санкцияларын алып таштап отурат. Өзбек бийлиги мындай сый-урматыңарга эмнеси менен татыды?- деп ачууларды Стрөлайн Еврошаркетке.

Ал эми өзбекстандык укук коргоочу, сүргүндө жашап жаткан Толиб Якубов Еврошаркет укук бузууларды көрүп туруп эле көрмөксөн болот, өзбек өкмөтүнүн жалган айтканын билип туруп эле, билмексенге салат, шаркет өз кызыкчылыгы үчүн "эки жүздүүлүк" принцибин тутууну артык көрүп жаткан шекилдүү, деп айыптады.

Шаркет санкцияларын алты айлык мөөнөткө бошоңдотту, эгерде Өзбекстан өзүнө коюлган шарттарды аткарбаса, маселе кайра каралат. Өзбекстан Улуттар уюму менен кызматташууга, эл аралык гуманитардык уюмдардын кишилерин саясий туткундарга киргизүүгө, камактагы укук коргоочулардын баарын бошотууга, бейөкмөт уюмдардын иштөөсүнө шарт түзүүгө жана укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга милдеттендирилди.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG