Бейжиндеги курултайда Кытайдын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 350дөн ашык мүчөсү шайланмакчы. Бирок байкоочуларды биринчи кезекте бийликтеги политбюронун туруктуу комитетине кимдер кирери кызыктырууда.
Өлкөнү Компартиянын соңку курултайынан бери башкарып келаткан Ху Цинтао партиянын баш катчысы жана президент кызматтарында калаары шек туудурбайт. Өкмөт башчысы Вэн Циябао да ордунда калат болуш керек. Бирок бул ирет Ху Цинтао политбюронун туруктуу комитетине өзү ишенген адамдардын киришине жетишет деп күтүлүүдө.
Саналуу гана мүчөсү бар бул комитетке кире турган президент ишенген адамдардын ичинен кийинки муундун өкүлдөрү жана Ху Цинтао менен Вэн Циябаонун ордун басат деп болжолдонгон Ли Кечияң менен Си Цинпиңдерди аташууда. Ли татаал аймак саналган Кытайдын түндүк-чыгышындагы Лияониң провинциясын ийгиликтүү башкарып келди. 52 жаштагы адвокат Ху Цинтаонун башкы таянычтарынын бири болгон Коммунисттик жаштар лигасынан чыккан.
54 жаштагы Си Цинпиң да адвокат, анын атасы маданий төңкөрүштүн катышуучусу болгон. Ал мындан жарым жыл мурда Кытайдын финансылык борбору Шанхайда баш катчы болуп дайындалган.
Британиянын Оксфорд Университетинин аналитиги Рана Миттер бул жүрүштөр мурдагы замандарга салыштырмалуу жупуну мүнөзгө ээ деп эсептейт:
- Кытайдын Компартиясынын лидерлеринин учурдагы структурасын фракциялар ортосундагы кадыресе кармаш деп түшүнгөн туура болбойт. Андай кармаш тээ 1960-жылдары төрага Мао Цзедун менен өз партиясынын мүчөлөрү ортосунда болгон. Ал кармаш кандуу маданий төңкөрүшкө алып келген.
Миттердин айтымында, бүгүн Кытайдын коммунист жетекчилери сүйлөшүүлөргө артыкчылык беришет. Анын үстүнө Ху Цинтаонун учурдагы саясий бюродо чыныгы душмандары жок жана негизги талаш экономикалык зор өсүштүн айланасында жүрүүдө:
– 1980-1990-жылдары экономика өтө тез темпте өнүктү. Кытай азыр эми муну экономикалык өсүштүн деңгээлинде гана эмес, аны менен кошо пайда болгон маселелерди, биринчи кезекте Кытайдын эң башкы социалдык жана экономикалык проблемасына айланган жаратылышты коргоо маселесин тең салмактоого аракеттенүүдө.
Ху Цинтао өзү кийинки кездери коомдогу гармонияны көп оозанчу болгон. Башкача айтканда мурдагы жетекчилерден айырмаланып, азыркы президент байлар менен кедейлердин ортосундагы эбегейсиз айырманы азайтууга, экономикалык өcүштүн кесепети болгон айлана-чөйрөнүн болуп көрбөгөндөй булганышын токтотууга жана социалдык жыргалчылыктарды бекемдөөгө көбүрөөк кызыгат.
Жаңыл Жусубжан, Прага