Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

БОРБОР АЗИЯЛЫК ТАСМАЛАР ПРАГАДА КӨРСӨТҮЛӨТ


18-октябрда Прагада МОФФОМ фестивалы башталууда. Музыкалык документалдуу филмдердин бул кароосунда быйыл "Ырчы кыздар" аттуу Саадат Исмаилованын тасмасы да көрсөтүлүүдө. Анда Кенже Кубатова өңдөнгөн борбор азиялык белгилүү аткаруучулар менен тааныша алабыз.

Борбор Азияда кыздар илгертеден дойра кагып, комуз чертип, дастан айтып келишкен. “Ырчы кыздар” тасмасында Азербайжан, Калмыкия, Казакстан, Кыргызстан, Каракалпакстан сыяктуу өлкөлөрдөн 13 өнөрлүү кыз менен таанышабыз. Алар эски музыкалык салттарды жандандырып, айрымдары кезегинде эркектерге чегерилген жанрларды өздөштүрүп келишет. Бул тасманын продюссери, музыка профессору Тед Левин анын каармандарынын бири Кенже Кубатова тууралуу Азаттыкка буларды билдирди:

- Кенжегүл Кубатова 1920-30-жылдардагы салттуу музыканын эң мыкты өкүлү. Аны музыкант-этнограф деп койсок болот. Ал эски ырларды жаңылантып, бүгүнкү күнгө ылайыкташтырып ырдайт. Салттуу музыканын инноваторлору дал ушуну менен алектениши керек. Ал артка кылчайып, бир эле мезгилде алдыга карайт. Анын аткаруусундагы ырларды уккан угуучулар бул салттуу эски гана эмес, заманбап да музыка экенин түшүнөт деп үмүттөнөм.

Тажикстандын Бадахшан аймагынын ырларына жана музыкасына арналган Бадахшан тасмасы менен катар ырчы кыздар ушул күндөрү Прага калаасында өтүүчү Музыкадагы Фильм, Фильмдеги Музыка аттуу, же кыскартып айтканда, МОФФОМ фестивалында көрсөтүлмөкчү.

Кенже Кубатова менен катар белгилүү казак ырчысы Уулжан Байбусынова, Каракалпакстандан Инжегүл Сабурова менен Зияда Шерипова, түбү калмак, учурда Парижде жашаган Ервена Оргаева жана башка Чыгыштын макум добуштуу ырчылары тууралуу даректүү тасма Борбор Азиялык музыка боюнча 10 томдун төртүнчүсү. Буга чейин Кыргызстандан Теңир-Тоо тобу, ооган жана Тажик-өзбектердин Макам өнөрү тууралуу үч том чыккан. Теодор Левиндин айтымында, мындан аркы томдор уйгурлардын той-тамашаларда аткарылуучу ыр-күүлөрү, Индияда моголдордун империясын курган Бабурдун өткөн жолундагы музыкалык салттарга жана байыркы чыгармаларды жаңыча иштеп чыгып, башка элдердин угармандарына жеткиликтүү формада жана мазмунда кайра жаратуу менен улуттар аралык маданий байланыштарды бекемдеп келаткан Борбор азиялык музыканттарга арналмакчы.

МОФФОМ фестивалы быйыл төртүнчү жолу өтүүдө. Былтыркы кароодо Борбор азиялык музыкалык филмдерге атайын бир күн бөлүнгөн эле. Быйылкы кароодо негизги көңүл орус филмдерине бурулууда. Анын ичинде Шостакович, Ростропович, Вишневская тууралуу тасмалар да бар.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG