XIX кылымдын экинчи жарымында Цин бийлигине каршы Кытайдын түндүгүндө көтөрүлүш чыккан. Тарыхта ал «дунгандардын көтөрүлүшү» деген аталыш менен белгилүү. Кытай кыргыны узак жылдарга созулуп, бийлик жазалоосунан качкан дунгандар Синьцзянь провинциясынан башпааналоого мажбур болушкан. Кытай аскерлери алардын артынан сая түшө кууп, 1877-жылдын 18-октябрында маньчжур-циндик жазалоочу отряд Синьцзянь провинциясынын түндүк-батышындагы Куча шарынан дунгандарды кырып баштаган. Тынымсыз уланган кыргын айынан дунгандардын бир бөлүгү Кыргызстан аймагына качууга мажбур болушкан.
1912-жылдын 18-октябрында Дүр Сооронбаев үч суткага камакка алынган. Дүр Сооронбаевди Токмок участкалык приставынын штабс-капитаны Кутуков камап, ага «өзүнөн жогорку кызматтагы адамдарга жалаа жапкан» деген күнөө коюлган. Орус архивдик материалдары көрсөткөндөй штабс-капитан Дүр Сооронбаев менен жакын мамиледе болгон жана анын кыргыз калкынын арасындагы кынтыксыз кадыр-баркын жогору баалаган. Дүр Сооронбаев өз убагында мектеп курдуруп, кыргыз жаштарын окуткан жана коомдук ишмермердүүлүгү менен калк арасынан кадыр тапкан адам болгон.
1916-жылкы көтөрүлүш аяктагандан кийин орус бийлиги жергиликтүү калктын жана мындагы орус адамдарынын жоготууларын тактоого киришкен. Ушул жылдын 18-октябрында Жетисуу областтык башкармалыгы Пишпек уездиндеги Атаке, Сарыбагыш, Шамшы, Бурана, Байсеит, Токмок, Суусамыр, Карабулак, Ысыката сыяктуу болуштуктарда өлтрүлгөндөрдүн жана дайынсыз жоголгондордун тизмесин тактаган.
1924-жылдын 18-октябрында РКП (б) Борбордук Комитетинин Политбюросу Кара-Кыргыз автономиялык областынын партиялык-уюштуруу бюросунун курамын бекитти. Кара-Кыргыз автономиялык областынын партиялык-уюштуруу бюросунун биринчи катчылыгына М. Каменский, экинчи катчылык кызматка Ю. Абдрахманов жана бюро мүчөлүгүнө- И. Айдарбеков, И. Арабаев, Д. Бабаханов, М. Ботбаев, Г. Гросс, Д. Зульфибаев, П. Покровский, Р. Расулаев, Т. Токбаев, С. Төлөнов, Р. Худайкуловдор кирген. Бюродо борбордон жиберилген партиялык адистерден тышкаары, Сыдыков жана Худайкуловдун тарапкерлери бирдей өлчөмдө орун алышкан.
1974-жылдын бу күнү Фрунзе шаарында «Эл достугу» монументи чоң салтанат менен ачылды.
КООРТ телекомпаниясына Азима Расулова менен Санжар Капаров баш болгон жаңы жетекчиликтин дайындалышы, мындагы эмгек жамааттын кескин нааразылыгын жаратты. Жаңы жетекчиликке ичи чыкпаган телеканал жамааты, 2005-жылдын 18-октябрында президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңеш төрагасына адилеттик сурап кайрылышты.
Бу күнү 1927-жылы ББС англис компаниясы уюшулуп, 1799-жылы немец окумуштуусу, озонду ачкан Кристиан Шонбейн, 1859-жылы француз философу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Анри Бергсон, 1960-жылы актер Жан Клод Ван Дам жарык дүйнөгө келген.