Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

ОРУСИЯДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ РУАНДА МЕНЕН ООГАНСТАНДЫКЫНДАЙ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Эл аралык уюм «Чегарасыз кабарчылар» ар жыл сайын жарыялап туруучу докладын басып чыгарды. Анда Орусия 169 мамлекеттин ичинен 144- орунду ээлеген. Орусиянын рейтингисинин ылдый болушунун себептери катары журналист Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү, башка журналисттерди өлтүргөндөрдүн да жазага тартылбашы жана маалымат каражаттарында, айрыкча сыналгыдагы жарытарлык плюрализмдин жоктугу көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Орусияда кийинки жылдары абал жамандоонун үстүндө болгону менен башка мамлекеттерде басма сөз каражаттарындагы жагдай жакшырууда деп айтылат.

Эл аралык «Чегарасыз кабарчылар» уюму 16-октябрь күнү жарыялаган докладында жер жүзүндө сөз эркиндиги былтыркыга караганда кандай болуп өзгөргөнү талдоого алынат. Мүнөздүү көрүнүштөр бар, маселен, европалык өлкөлөр тизменин элүүнчү саптарын ээлешкен. Орусия жүз кыркынчы саптарды ээлеп, ал Ооганстан, Тунис, Руанда, Йемен өлкөлөр менен кошуна болгон. Ошого карабай Орусия былтыркыга караганда үч тепкичке өйдөлөгөн.

Адам укугун коргоочу «Чегарасыз кабарчылар» уюму 2002-жылдан бери өзүнүн баасын ар жыл сайын жарыялап келет. Ар кыл өлкөлөрдүн ар башка көз караштагы журналисттери чыгаруучу ал бүтүм 50 талаптын негизинде жүргүзүлөт. Көч башындагы талаптар болуп журналистти анын кесиптик ишкердигине байланыштуу өлтүрүү же анын өмүрүнө коркунуч келтирүү, цензура өнөкөтүн киргизүү, басылып чыккан нускаларды тартып алып, саттырбай коюу, оппозицияны маалымат каражаттарына аралаштырбай салуу жана башкалар эсептелет.

Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо комитетинин координатору, Нина Огниянова айтканга каранада Орусияда абал азыркыдан да оорлойт:

«Мамдума менен президентти шайлоо жакын калган сайын орусиялык бийлик өз контролдугуна улам көбүрөөк маалымат каражаттарын; сыналгы, үналгы, таасирдүү гезит журналдарды алууда. Орусияда бийликти сыноого чек койгон мыйзам кабыл алынууда. Көз карандысыз басма сөздү колдоого алган өкмөттүк эмес коомдук уюмдарды сот айгагы астында кысымга алуу болууда. Бийликке Путин келгенден бери Орусияда киши колдуу болуп өлгөн журналисттердин саны он төрткө жетти, алардын бири Анна Политковская. Бирок болгону бир гана кылмышкер кармалып, сот өкүмү чыгарылган».

«Чегарасыз кабарчы» докладында кийинки учурда орусиялык бийлик айрыкча сыналгы түйүндөрүнө жапырт көз салууну колго алганын белгиленген эле. Ага бир мисалы сыяктанган кабар Карел жумуриятынан келди.

Карелия жумуриятынын «Петр-Нет» сыналгысына бийликтик цензурасы киргизиле баштаганда 7 журналист андан кетүү кебин козгоп арыз жөнөтүшкөн. Эмне себептен андай кадамга барышканы туурасында «Петр-Нет» сыналгысынын баш редактору Марина Гуменникова «Азаттыктын» эфиринде айтты:


«Биз даярдачу сюжеттик темалардын тизмеси түзүлүүчү. Анан текстти (компаниянын жетекчиси – ММ) окуп чыкчу. Тасмага тартылган материалды да карап, ал тургай, ошондо да оңдоолорун киргизүүчү».

Айтмакчы, докладда Грузия 66 орунда, Украина 92 орунда жана Кыргызстан 110 орунда жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG