Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:04

А.КЕЛДИБЕКОВ: МЕНИ 5-КАНАЛДАН МЕДЕТ САДЫРКУЛОВ КАРАЛАТКАН


Жогорку Кеңештин депутаты, «Атажурт» партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков маалымат жыйынын өткөрүп, массалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен 2 миллион доллардын дайын-дарегин билдирди. Анын айтымында ал Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда эч кандай 2 миллион долларды кымырып алган эмес жана мындай маалымат жалган жалаа. Депутаттын ырасташынча, 5-каналга мындай маалымат Президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловдун көрсөтмөсү менен чыккан.

Мындан мурда 5-канал жана «Агым» гезити аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда 2 миллион долларды кымырып койгондугу тууралуу маалыматтар таркатылган эле. Мындай маалыматтардын чындыкка коошпой тургандагын айткан Акматбек Келдибеков, муну эки белдүү саясатчынын жасаганы деп эсептейт. Анын айтымында, Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов 5-каналга көрсөтмө берсе, депутат Мелис Эшимканов “Агым” гезитин шыкактаган:

- Менин угушумда 5-каналда О.Малеваная, «Бул Медет Чокановичтин жеке өтүнүчү, ушуну беришибиз керек»,- деп айтыптыр. “Агымда” болсо менин коллегам Мелис Эшимканов жумуштан кийин барып журналисттерди чогултуп алып, “эмне үчүн Султановго, Ташиевге, Келдибековго жазбайсыңар, чынбы-калппы жаза бергиле”,- деген көрсөтмөсү бар экен.

Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетова болсо, аларга эч ким мындай сумманын жоголуп-жоголбогондугу тууралуу маалымат сурап кайрылбаганын айтты. Анын пикиринде, эгер социалдык фонддон чон суммадагы акча жоголсо, бюджет каралып атканда билинип калмак:

- 5-канал дагы башка маалымат каражаттары дагы бизге офицалдуу түрдө кайрылышкан эмес. Эгер бизде 2 миллион доллар болобу, 2 миллион сом болобу жетпей калса, бул бюджетти караганда эле чыгып калмак.

Ал эми 5-каналдын продюсери Алмаз Турдумаматовдун айтымында, аларга эч ким жогору жактан көрсөтмө берген эмес жана мындай маалыматты “Агым” гезитинен алышкан:

- Кызыктуу маалыматтар чыкса, ошол маалымат каражаттарына шилтеме кылып чыгарып жүргөнбүз. Анан бул жолу да ошондой болуп “Агымга” шилтеме кылып бергенбиз. Келдибековдун өзү менен байланышалы десек, жардамчылары чет өлкөдө командировкада жүргөнүн айтышкан. Малеваная болсо өткөн жумадан бери ооруп жумушка чыга элек. Анан Садыркулов бериптир, Бакиев бериптир деген нерсе жок, андай такыр болгон эмес дагы, болбойт дагы.

“Агым” гезитинин баш редактору Эрнис Асек уулу “Азаттыкка” маалымдагандай, гезиттин мурунку кожоюну Мелис Эшимканов редакцияга келген эмес жана журналисттерге көрсөтмө бербеген. “Маалыматты асмандан алган жокпуз, Келдибеков сотко берсе бере берсин”,- дейт ал:

- Келдибековдун айткандарына мен күлгөндөн башка аргам жок. Анткени бул жакта Мелис Эшимкановдун эч тиешеси жок. Биздин азыр кожоюнубуз башка. А берки маалымат боюнча прокуратурага, сотко Бере берсин. Ошол жактан териштирип алабыз. Биз деле асмандан алып бир нерсе кылган жокпуз. Мыйзам алдында жооп бергенге даярбыз.

Акматбек Келдибеков мындай маалыматты таркаткандыгы үчүн “Агым” гезити менен 5-каналдын журналистинин үстүнөн арыз жаза тургандыгын айтты.

Андан тышкары ал “Азаттык” үналгысынын суроосуна жооп берип жатып, учурда жүрүп жаткан саясий оюндардан четте калбасын, президентти ноябрь, декабрь айларында катуу колдошконун, азыр да колдой берерин айтып өттү:

- Бизден төрт-беш депутат президенттин саясатын колдогондон кийин, биздин президентибиз партия ачкандан кийин менимче биз дагы ошого чогуу кошулуп, мындан ары да саясатын колдойбуз.

XS
SM
MD
LG