Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

ОРУС БИЙЛИГИНДЕГИ ИЧКИ ЧӨЙРӨ


Нарын АЙЫП, Прага Орус президенти Владимир Путин жакында - 2008-жылдын мартында президенттик мөөнөтү аяктаганда өкмөт башчы болууга макул экенин билдиргенден кийин, ал өлкө жетекчилигинде калаары анык болду. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, өлкөнү башкарган ички чөйрө ичинде катуу салгылашуулар жүрүп жатат.

Орус элитасы жөнүндө бир нече китеп жазган социолог Ольга Крыштановскаянын айтымында, Орусиянын жетекчилигиндеги 26 пайыз жогорку кызматты - күч колдонуучу уюмдарынан чыккандар ээлейт. Аларды Крыштановская "Андроповдун балдары" деп атайт, эл арасында болсо "силовик" деген сөз колдонулат. Андай "силовиктердин" негизгилери - Санкт-Петербург шаарынан чыккандар.

Президент Владимир Путин өзү, Коопсуздук кызматынын азыркы төрагасы Николай Путрушев, биринчи вице-премьер Сергей Иванов, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Виктор Иванов - баары 1970-жылдардын ортосунда КГБга келип иштегендер. Ал кезде уюмду Юрий Андропов башкарган жана бул адамдар аны эмгиче кудайындай көрөт дейт Крыштановская. Ошондуктан алар азыр - аз эле мезгил СССРди башкарып, аны реформалоого убактысы жетпей калган Андроповдун идеяларын улантууда:

"Алар авторитардык бийликти модернизациялоону көздөйт. Алардын оюнда, советтик мезгилдегидей авторитардык тартип болуш керек, бирок советтик идиотизмдин кереги жок. Келесоолук советтик экономика менен келесоо советтик идеология баарын бузат. Бийлиги эч кандай бөлүнбөгөн мамлекеттик системаны кайра жаратыш керек", - дейт Крыштановская.

Айрым башка саясат таанучулардын пикиринде, идеологиянын ордун азыр бизнес басты, ар бир жогорку жетекчи кайсы бир кеңири ишкер тармакты башкарат, ошондуктан Батышта азыр Орусияны "Кремль корпорациясы" деп да атай башташты. Ал корпорацияны азыр беш-алты адам башкарат.

Крыштановскаянын пикиринде, алар төмөнкү адамдар: "Менин оюмча, беш адамды атаса болот. Путин, эки Иванов - Сергей жана Виктор, андан соң Сечин жана Патрушев. Бул адамдар Путин менен башынан бери бирге. Ушулар мамлекет менен өкмөттүн азыркы түрүн ойлоп чыгарган", - дейт Крыштановская. Сечин - президенттик администрациянын башчысынын дагы бир орун басары.

Бул адамдар бизнес менен канчалык байланышканын - алар ар башка компаниялардын жетекчилигине шайланганы көрсөтөт. Мисал үчүн Сечин - "Роснефть" компаниясынын төрагасы, Виктор Иванов -"Аэрофлоттун" жана ракета өндүргөн "Алмаз-Антей" ишканасынын деректирлер кеңешинин төрагасы. Сергей Иванов жакында - биргелешкен авиакорпорациянын жетекчиси болуп шайланды. Патрушевдин бир уулу "Внешторбанктын" вице-президенти, экинчи уулу - "Роснефттин" деректирлер кеңешинин мүчөсү.

Бийлик тепкичинде бул адамдардан ылдыйыраак турган, бирок жогорку жетекчилик алардын сөзүн угат деп Крыштановская төмөнкүлөрдү атайт: Темир жол корпорациясынын жетекчиси Владимир Якунин, Баңги заттар боюнча агенттиктин башчысы Виктор Черкесов, курал саткан "Рособоронэкспорттун" жетекчиси Сергей Чемезов жана дагы бир биринчи вице-премьер Дмитрий Медведев. Булардан кийинки топко кирет деп Дмитрий Козак, Сергей Нарышкин, Юрий Ковальчук, Александр Григорьев сыяктуу саясатчыларды атаса болот.

Бирок акыркы мезгилде бул топтор арасында да күрөш башталды жана Патрушевдин ордун талашкан Черкесовдун аракеттеринен улам чоң кризис чыкты. Патрушев менен Сечин дагы душман, Сечин менен Медведев, Сечин менен Сергей Иванов арасындагы араздашуулар дагы күчтүү. Ошондуктан Орусияда жалпы бирдиктүү бийлик түзгөн президент алдында эми - ички чөйрө арасындагы тымызын согушту токтотуу проблемасы турат.

XS
SM
MD
LG