Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

ТҮРКИЯ ТҮНДҮК ИРАКТА ЖИКЧИЛДЕРГЕ КАРШЫ АСКЕРДИК ОПЕРАЦИЯ ӨТКӨРМӨЙ БОЛДУ


Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн түндүк Ирак жана ага жамаатташ аймактарга жиберилүүсүн көздөгөн өкүмөттүк мыйзам актысы улуттук мажлистин кечөөкү олтурумунда кабыл алынды.

19 каршы, 507 макул добуш менен кабыл алынган мыйзам актысы, башта премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган болуп, ырасмий өкүлдөр кайтама-кайта белгилеп жаткандай, аскерлердин дароо чегаранын аркы жагына, Түндүк Иракка жибериле турганын түшүндүрбөйт. Бир жыл мөөнөтү болгон бул мыйзам актысы өкүмөткө, керектүү деп эсептеген маалда жана өлчөмдө Түндүк Иракка аскерлерди жиберүү укугун ыйгарууда. Улуттук мажлистеги добушка коюулардын жыйынтыгын билдирип жатып, парламенттин спикери Көксал Топтандын:
“507 макул, 19 каршы добуш берилди. Бул аркылуу, өкүмөт сунуш кылган мыйзам актысы жактырылган болду. Ылайым элибиз жана өлкөбүз үчүн ак жолтой натыйжаларды туудурсун”- деп айткан сөздөрүнөн даана байкалгандай, бул мыйзам актысын даярдап парламентке сунуш кылыш өкүмөт үчүн оңой олтоң иштерден болбоду. ПККнын террордук иш аракеттери кийинки жумаларда кыйла курчуп, бир эле айдын ичинде 100 чамасы аскер жана карапайым адамдын өмүрүнүн кыйылышы негизги түрткүнү бергендей көрүнгөн менен, бир нече жылдардан бери жакын шериктеши АКШнын ПККге каршы чара көрүүсүн сабырдуулук менен күтүп келген Анкаранын кечөөгү жыйынтыкка баруусундагы башкы себеп, өткөн аптада конгресстин тышкы карым катнаштар комитетинде армян геноциди жөнүндөгү резолюциянын кабыл алынышынан кийин Түркияда пайда болгон терең түңүлүү сезимдери эле десе болот.

Берилген добуштардын сапатынан алып караганда, кечөө улуттук мажлистин олтурумунда түндүк Иракка аскер жиберүү тууралуу парламенттен алынган уруксатка, мажлистеги курду депутаттардан сырткары бардык партиялар жапатырмак макулдугун бергени байкалат. ПККге каршы чегараны ашкан операция жасоо талабына башынан бери каршылыгын билдирип келе жаткан курд жарандардын ДТП партиясынын өкүлү депутат Селахаттин Демирташтын пикиринде бул демократиялуулуктун гана көрүнүшү болуп эсептелет.

“Чегаранын аркы жагына аскер жиберүүгө каршы болгон эч ким жок сыяктанып, 549 депутаттын бардыгы макул добуш бериш керек деген басмыр тенденция бар. Бул жер элдин мажлиси экен, анда элдин эрки бүт айырмачылыктары менен чагылыш абзел”,- деди ал басма сөз алдында айткан сөзүндө.

Түркиянын Түндүк Иракrа аскердик операция уюштуруусуна АКШнын президенти Жорж Буш дагы каршылык билдирди. Кечөө Ак Үидө басма сөз жыйыныy уюштурган Буш, андайча бир аскердик аракет Түркиянын пайдасына болбой турганын айтты. Ал ошондой эле, армян генодсиди тууралуу конгрестин өкүлдөр палатасынын тийиштүү комитетинен өткөн резолюцияга каршылыгын кайталап, бул өлкөсүнүн Түркия менен байланыштарына чоң зыян тийгизерин эскертти. Кечөө Парижде Франсиянын Президенти Саркози менен жолуккан Ирактын президенти Жалал Талабани дагы Түркияны карманып турууга чакырды.

“Биз досубуз премьер-министр Режеп Таййип Эрдогандын даанышмандыгы аскердик операцияга жол койбойт деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле биз, Ирак өкүмөтү жана курдулардын аймактык өкүмөтү келишим түзүш үчүн Түркия менен бирге иштешке даярбыз”,- деди Талабани мырза. Ушу тапка чейин, Түркиянын алдыга койгон максатына бир гана Сирия колдоосун билдирди. Кечөө ырасмий сапар менен Анкарага келген Сириянын президенти Бешир Асад ПКК жикчил тобуна каршы чегаранын аркы жагында аскердик чара көрүү Түркиянын легитимдүү укугу экенин айтты.

XS
SM
MD
LG