Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИ БИЙЛИК КЫСЫМЫНАН ЭРКИН ИШТЕЙ АЛАБЫ?


Бүгүн Улуттук телерадиокорпорациянын Байкоочу Кеңеши алгачкы жыйынын өткөрдү. 25-октябрда болуучу келерки отурумунда Байкоочу Кеңештин төрагасын бекитишет. Кээ бир серепчилер Байкоочу Кеңештин түзүлүшү менен УТРКны коомдук телевидениеге айландырууга жол ачылат дешсе, айрымдары Байкоочу Кеңештин бийлик кысымынан эркин иштей ала тургандыгына көп ишене беришпейт.

Байкоочу Кеңештин алгачкы отурумуна кеңештин мүчөсү ОшТУнун Өзгөн бөлүмүнүн башчысы Исмаилжан Шайбеков келе алган жок. Дагы бир мүчөсү Улуттук филармониянын директору Керим Турапов денсоолугуна байланыштуу катышкан жок. Бүгүнүкү отурумда Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин ички тартип эрежеси менен таанышып чыгышып, кабыл алышты.

Байкоочу Кеңештин мүчөсү Бактыбек Максүтовдун айтымында, алдыда Кеңештин уставы кабыл алынып, төрагасы кийинки жумада шайланат.

Отурумда Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү Автандил Арабаев менен Керим Тураповдун 15-октябрда «Ак Жол» элдик партиясынын саясий кеңешине мүчө болуп кириши да талкууланып, бул маселе кийинки отурумда карала турган болду. Себеби, Улуттук телерадио корпорациясы жөнүндө мыйзамдын Байкоочу Кеңеш тууралуу бөлүгүндө саясий партиянын мүчөсү жана мамлекеттик кызматта иштегендер Байкоочу Кеңешке шайланууга укугу жок деп көрсөтүлгөн. Кыргыз-казак академиясынын кафедра башчысы Автандил Арабаев болсо бул маселе боюнча пикирин айтуудан баш тартты.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев Байкоочу Кеңештин мүчөлөрүнүн теңинен көбү бюджеттик мекемеде иштеп, айлык алып жатышкандан кийин, бийликтин «камчысын» чаап УТРКны реформалоого күчтөрү жетпейт деген көз карашта.

-Коомдук Байкоочу Кеңеште көз карандысыз адамдар болушу керек эле. Азыр 90 пайызы «хоп-майлилер» болуп калды. Булар эч качан өз алдынча иш алып бара алышпайт. Аларды шайлаган депутаттардын арасында «хоп-майлилер» көп да. Менин оюмча бул Байкоочу Кеңеш деле эч кандай маселе чечпейт. УТРКда эч кандай өзгөртүү жасай алышпай,т -деди Дооронбек Садырбаев.

Журналисттер кошуунунун жетекчиси Абдыкадыр Султанбаев Байкоочу Кеңеш УТРКнын негизги ишинин багытын аныктап, отчетун угуп, финансылык иштерине көзөмөлдүк кылат деген ишенимде:

-УТРКнын башкаруу формасына коомдук башкаруунун элементи киргизилип жатат. Буга чеийн УТРКнын жетекчисин президенттин буйругу менен эле дайындап келишкен. Эми мыйзамга ылайык Байкоочулар Кеңешинин мүчөлөрү УТРКнын генералдык директорун конкурстук негизде шайлашат. Андан соң гендиректордун сунушу менен анын үч орун басарын шайлайт.


28-сентябрда Жогорку Кеңеш УТРКнын Байкоочулар Кеңешинин мүчөлөрүн шайлаган. Анда көп добушка ээ болуп кеңештин мүчөлүгүнө Кыргыз-казак академиясынын кафедра башчысы Автандил Арабаев, «Укугум бар!» программасынын режиссеру Нурия Иманкулова, УСТАнын кафедра башчысы Рыскулбек Жумабаев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага окутуучусу Бакыт Орунбеков, БГУнун социалдык иликтөөлөр борборунун башчысы Бакыт Малтабаров, Октябрь районунун билим берүү борборунун кызматкери Гүлмира Артыкбаева, Махмуд Кашгари университетинин кафедра башчысы Аскар Медетов, Бишкектеги экономикалык анализ борборунун башчысы Сапар Орозбаков, «Айкөл Манас» борборунун башчысы Бактыбек Максутов, Маалымат каражаттары боюнча коомдук палатанын мүчөсү, медиа-консультант Эльвира Сариева, ОшТУнун Өзгөн бөлүмүнүн башчысы Исмаилжан Шайбеков.
Улуттук филармониянын директору Керим Турапов, "Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмесинин директору Гүлнара Ибраева жана БГУнун журналистика факультетинин деканы Алтын Асанова жана эч жерде иштебеген Мыктыбек Өмүрзаков шайланышкан. Мүчөлүккө тараптардан 30 талапкер сунушталган эле.
XS
SM
MD
LG