Кабыл алына турган Конституцияда азыркы Жогорку Кеңеш аркылуу жаңы өкмөттү кандайча куроонун жолу так жазылган. Ага ылайык Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү кызматтан кеткенден кийин премьер-министрликкке талапкерлерди депутаттык фракциялар көрсөтүүгө укук алат. Беш күндүн ичинде депутаттар премьер-министрге талапкер боюнча бир жыйынтыкка келе албаса, анда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен президент өкмөт башчыны дайындайт. Бирок, учурда саясатчыларды жаңы өкмөттү куроо эмес, жаңы парламенттик шайлоо маселеси өзгөчө тынчсыздандырууда.
Ошол эле мезгилде азыркы Жогорку Кеңешти таратуу маселеси кандай чечилери айкын эмес. Азыр иштеп турган 2003-жылкы Конституцияга ылайык президенттин парламентти таркатууга укугу бар. Ошондуктан референдумга чейин президент парламентти таркатуу тууралуу жардыкка кол коюшу ыктымалдыгы айтылган. Бирок азыркы кезге карай андай кадам жасалаары белгисиз бойдон калууда.
Кабыл алына турган Конституцияда президент парламентти таркатуу укугуна ээ эмес. Ал конституциянын 63 беренесинин 1 пунктуна ылайык Жогорку Кеңеш өзүн-өзү гана тарай алат. Анда да 2/3 добуш менен. Ал эми азыркы депутаттардын көпчүлүгү партияларда жок болгондуктан, аларда өз эрки менен тароо ниети тап-такыр байкалбайт. Муну депутат Карганбек Самаков ырастады:
-«Атамекен» партиясы шайлоого даяр. Азыр таратса-азыр даярбыз. Бирок азыркы парламенттин ичиндеги депутаттар болуп көрбөгөндөй ынтымакка келип, биригип калышты.Билбейм бул жерде өзүн-өзү таркатууга ким кол коет.
Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Иса Өмүркулов да депутаттар арасында тароо ниети жок экенин тастыктады:
-Депутаттардын тарайбыз деген маанайы жок. Анткени көпчүлүк депутаттар партияга мүчө эмес. Көп депутаттар жаңы түзүлгөн (Ак жол) партияга мүчө болбочудай болуп турат. Ошондуктан аларда ушундай маанай болууда. Ал эми парламентти таратуу болбойт, бирок референдумдан кийин президент мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялайт. Маселе ушундай жол менен чечилчүдөй болуп турат.
Депутат Кубатбек Байболов да азыркы парламентти таркатуунун механизми катары мөөнөтүнөн мурда шайлоону атады:
-Референдумдан кийин өкмөт жаңыланыш керек. Андан кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланат. Анан ошол шайлоонун негизинде парламент түптөлөт. Чындыгында мөөнөтүнөн мурда эч нерсе жасалбаш керек.
Кубатбек Байболовдун пикиринде, анткени жаңы парламенттин ишти баштап алуусу үчүн эле бир-эки жыл кетип калат. Андан көрө президенттин бардык чечимдерине макул болуп жаткан азыркы парламент менен иштеп, шайлоону өз мөөнөтүндө өткөрүү максатка ылайыктуу.
Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Масалиевдин пикиринде, президенттин референдумга чейин парламентти таркатууга укугу бар. Андан кийин маселе парламенттин өз алдынча тароосу менен чечилиши мүмкүн. Бирок азыркы кезде парламентти таркатуу тууралуу президент тарабынан сөз чыга элек.
«Жаңы конституция кабыл алынгандан кийин айрым маселелер чыгышы мүмкүн. Ал кворум, көпчүлүк, конституциялык көпчүлүк деген нормаларга байланыштуу маселелер. Алар чечилсе азыркы парламенттин ишине эч нерсе тоскоолдук кылбайт», деп белгиледи Исхак Масалиев.