Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:40

АРМЯН КЫРГЫНЫ БОЮНЧА АМЕРИКАЛЫК РЕЗОЛЮЦИЯНЫ КОЛДОГОНДОРДУН САНЫ АЗАЮУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ Конгрессинин комитетинде өткөн аптада кабыл алынып, ХХ-кылымдын башындагы армяндардын кыргынын "геноцид" деп тааныган чечимди колдогон конгрессмендердин саны азайып баратат. Эгер ал азыр Эл өкүлдөр палатасында колго салынса, өтпөй тургандай, ошондуктан АКШ өкмөтү жана көптөгөн башка саясатчылардын пикиринде, палата маселени эми карабаш керек.

Адатта АКШ Конгрессинин комитетинде өткөн маселе кийин Палата тарабынан дагы кабыл алынат, бирок Эл өкүлдөр жыйынынын Тышкы байланыштар комитетинде 10-октябрда армяндардын кыргыны менен байланышкан маселе каралып, кыргын "геноцид" деп аталгандан кийин, ал резолюция үчүн добуш берген бир нече конгрессмен кийин аны колдоодон баш тартты.

Ал тууралуу 17-октябрда, мисал үчүн, конгрессмендер Боб Векслер, Жон Мурта жана Жон Таннер жарыялады. Векслердин айтымында, мындай резолюция азыр армяндар жөнүндө эмес, америкалыктардын өздөрү тууралуу болуп калды: "Жетекчиликтен биздин суранганыбыз - америкалыктардын улуттук жана стратегиялык кызыкчылыгына төп келген чечимдерди кабыл алуу. Бул өтө маанилүү нерсе. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армян коомчулугу эбегейсиз азап тартканын биз түшүнөбүз жана көптөгөн адам өлгөнү менен байланыштуу алардын кайгысын бөлүшөбүз. Бирок биздин негизги жоопкерчилигибиз - улуттук коопсуздук жана биздин аскерлердин абалы болуш керек", - деп билдирди конгрессмен Векслер 17-октябрда.

10-октябрдагы чечимден кийин Түркия өзүнүн Вашингтондогу элчисин Анкарага консультациялар үчүн чакыртып алып, өлкөнүн Инжирлик шаарынын алдындагы америкалык аскерий базанын жабылышы мүмкүн деп билдирген. Түрк жетекчилигинин айтымында, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндар Түркиянын душманы Орусия тарапка өтүп кеткендиктен, согуш алкагындагы аракеттер болгон, бирок кырылган армяндардын саны бир жарым миллионго жеткен деген маалымат туура эмес.

АКШ президенти Жорж Буш дагы Конгресс комитетинин чечимин катуу сынга алды: "АКШ Конгресси Осмон империясынын тарыхы менен байланыштуу маселелерди карагандан алыс болгону жакшы. 1915-жылы башталган армяндардын кыргыны тууралуу резолюция пайда алып келбейт. Демократтар дагы, Республикалык партиянын дагы өкүлдөрү, ар бир мамлекеттик катчы мурда мындай резолюцияга каршы чыгып келген. Конгресс үчүн - ислам дүйнөсү менен карама-каршылык пайда кылгандан башка деле көптөгөн маселе бар, өзгөчө - биздин аскерлерге күнүмдүк колдоо көрсөтүү өтө маанилүү", - деди Буш 17-октябрда.

Аны менен катар Анкара азыр - кошуна Ирактын аймагынан Түркияга кол салган террордук топторго каршы аскерий операция даярдап жатат жана өлкө парламенти 17-октябрда ага уруксат берди. Вашингтон аны сынга алды жана, айрым эксперттердин пикиринде, эгер Түркия чындап эле андай чабуул жүргүзсө, анда армяндардын кыргыны тууралуу маселе кайра чыгышы мүмкүн:

"Эгер Түркия аскерлери Ирактын аймагына кирип, күрд күчтөрүнө каршы аракет көрсө жана эгер андай операция жалаң гана террорчуларга каршы көрүлгөн аракеттер чегинен чыгып кетип, башка күрддөргө дагы залака тийсе, ал түрк-америкалык байланыштарына орчундуу таасир тийгизет жана Түркиянын башка тармактардагы саясатына жооп катары бул резолюция кайра чыгышы мүмкүн", - дейт Вашингтон шаарындагы эксперт Норман Орнстайн.

XS
SM
MD
LG