Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:18

МАЛ ЫЛАҢЫ, ДАН КЫМБАТЫ


Сырттан буудай менен өсүмдүк майынын арбын ташылып келгенине карабастан, керектүү азык-түлүктүн баасы Кыргызстанда төмөндөй элек. Өкмөт баанын көтөрүлүшүнө мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Жумасарлык Нуржановдун аракетсиздиги, казынадагы кызыл данды уурдоо, сатуу, баасын ыксыз көтөрүүсү себеп болгонун ырастап, аны кызматтан бошотту. Иштеги кемчиликтери үчүн республикалык ветеринария департаментинин жетекчиси Талант Узакбаев да ишинен алынды.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Чүй боорундагы социалдык колдоого муктаж 100 миң кишиге арзанбаа ун таратыларын белгилеп, сырттан дан, май ташып келгендерден алынчу кошумча нарк салыгын 10% төмөндөтө тургандыгын маалым кылды. Казакстандан сатылып алынган буудайдан тартылчу ун түгөлү менен өлкөнүн түштүк аймактарына жөнөтүлөрү кабарланды.

- Баа дагы төмөндөйт болуш керек. Бирок буга карабастан биз узакка жарачу иштерди жасашыбыз керек. Ошондой узакка иштей турган чаралардын бири сырттан дан, ун, дан азыктары, май ташып келгендерден алынчу кошумча нарк салыгын 10% төмөндөтүү болмокчу.

Өкмөт башчы өсүмдүк майын сырттан ташып келүү эки эсе көбөйгөнү менен баасы мурдагысынан түшпөй тургандыгын маалымдады. Анын айтуусунда, сырттан ташып келинген азык-түлүктөн алынчу кошумча нарк салыгынын азайышы «көмүскө экономикага» иштеп жаткандарды ачыкка чыгарууга шарт түзмөкчү.

Керектүү азык-түлүктүн баасынын кескин көтөрүлүп кетишин ооздуктоо, инфляцияны тизгиндөө амалында өкмөт мамлекеттик резервде сакталып турган данды арзан баада сатыкка чыгарууну чечкен. Мамлекет казынасындагы уурдоочулук, толгон-токой мыйзамсыз иш-аракеттер ошондон кийин ачыкка чыгып, эми ал өкмөттүк жыйында талкууга алынып отурбайбы.

Мамлекеттик резерв жана сатып алуулар агенттигинин жетекчиси Жумасарлык Нуржановдун кызматтан алынышынын чоо-жайын премьер-министр мындайча түшүндүрдү.

- Маселеси коюла тургандыгын билгенден кийин ал шашылыш Казакстанга учуп, уялбай мени алдап кетиптир. Мага ал президенттин тапшырмасы менен кетип жатам, деген. Мурда күнү мен президентке кирдим. Анын айтканы калп болуп чыкты.

А.Атамбаевдин маалымдашынча, мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ресурстар агенттигинин айынан эларалык донорлордон келчү 10 миллион доллар акчаны эми өкмөт ала албайт.

- Бул 350 миллион сом. Мындан тышкары жок кылуулар, уурдоолор, бааны көтөрүп коюу, биртоп кылмыш иштери ачылган. Агенттиктин өзүнүн иши, ошондой эле анын алдындагы фонддо сакталып турган ресурстар, анан да ал жерде болуп жаткандарды бир гана сөз менен чектен чыгуучулук деп айтууга болот. Алар бири-бирине ишенбей калышкан. Фонддун директорунун мөөрүн алып коюшкан. Баары бүдөмүк, түшүнүксүз, уурдап-тоноого ыңгайлаштырылган,- деп айтты А.Атамбаев.

Премьер-министр мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Ж.Нуржановду кызматтан алууга мамлекет башчысы деле каршы эместигин билдиргенин өкмөттүк жыйында жарыя кылды.

Республикалык ветеринария департаментинин жетекчиси Талант Узакбаевдин иштен алынышына Кытай жылкыларынын чек арадан өтүп, дайын-жигинин билинбей кетиши, өлкөдө мал ылаңынын абыдан көбөйүп, бирок ага каршы жакшы күрөш жүрбөй жатканы себеп болгон. Иштин чоо-жайын тактап берүү үчүн монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Иманкадыр Рысалиев айыл, суу чарба, кайра иштетүү өнөр жай министри Сооронбай Жээнбековго суроо узатты.

- Кандай дейсиз, буга кылмыш иш козголуш керек да. Сиз болсо иштен алдык деп жатасыз. Бул, менимче, бүлүндүрүүчүлүк.

- Эми бул боюнча токтоду. Чынында мында күнөө бар. Ачык айтканда, киргенде мен да билбей калгам. Ачык айтканда, токтоттук. Муну органдар да текшеришти.

- Кылмыш иш ачылдыбы же жокпу?

- Козгошкон.

- Кимге? Конкрет кимге?

- Ким күнөөлүү болсо?

- Ким күнөөлүү? Т.Узакбаевби?

- Аны кийин сотто аныкташат. Ким күнөөлүү-күнөөлүү эмес, мен сот эмесмин да.


Өкмөт башчы Кытайдан келген жылкыларга байланышкан окуя боюнча кылмыш иши козголушу керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG