Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабакан Мисирде Египет президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң парламент кабыл алган чечимдин күчү чектелүү экенин, ал болгону террористтерге каршы, анын үстүнө чындап зарылдык чыккан кезде гана аскер күчүн колдонгонго уруксат берерин түшүндүрдү.
Анкара өкмөтү кокус аскери операция өткөрүлсө, анын башкы бутасы - Күртстан жумушчу партиясынын отряддары жайгашкан лагерлер болорун ырастоодо. Бирок уруш башталса КЖПнын күчтөрүнө Масуд Барзани жетектеген Күртстан демократиялык партиясы менен Ирактын азыркы президенти Жалал Талабанинин патриоттук союзунун кошуундары да кошулуп кетиши ыктымал. Муну күрт автономиясынын өкүлдөрү да эки-үч курдай эскертишти. Алар КЖПнын партизандарын түндүк Иракта эч ким калкалап, баш корголотуп жаткан жок, түрктөр муну тек гана шылтоо кылып пайдаланып, иш жүзүндө жалпы күрттөргө каршы жапырык баштаганы жатат деп эсептешет.
КЖПны Абдулла Өжалан 1974-жылы түзгөн,1978-жылы ал Күртстан жумушчу партиясы деп аталган. Ошондон тартып ал Түркиянын чыгыш-түштүк аймагында күрттөрдүн көз карандысыз мамлекетин түзүүнү көздөп келатат.1984-жылы КЖП куралдуу күрөшкө өткөнүн жарыялаган. Бул күрөш отуз миңдей адамдын өмүрүн алды.
1999-жылы Өжалан колго түшүп, түрк соту аны өлүм жазасына өкүм кылган. Бирок үч жылдан соң өкүм өмүр бою түрмөдө отуруу жазасына алмаштырылган. Жолбашчыдан айрылган соң КЖП түрк өкмөтү менен жарашып, козголоң басылгандай болгон. Бирок 2004-жылы жарашуу келишимин бузуп, КЖП кайрадан куралдуу ыкмаларга өттү. Акыркы айлардагы кагылыштарда түрк армиясынан он үч солдаты окко учту, жайкын калк арасынан жүздөн ашуун киши жайран болду. Ушул окуяларды шылтоолоп, Анкара өкмөтү түндүк Иракта ири масштабдуу аскери операция өткөрүүнү кыяз кыла баштаган.
Айрым аналитиктер буга башка да жагдайлар жардамчы болду дешет. Атап айтканда, АКШ КЖПны террордук уюмдардын тизмесине киргизген, бирок Ирактын түндүгүндөгү тоолуу быткылдарда база куруп,маал-маалы менен Түркияга жортуулдап кирип, партизандык кылып жаткан отряддарга каршы эч кандай чараларды көрө элек. Мындан тышкары быйыл күз башында АКШ сенатында Иракты кеңири укуктагы күрт,сүннү жана шейит автономиясына бөлүп, федералдык түзүлүшкө өткөрүү тууралуу резолюция жактырылган. Бул планды Ирактын азыркы президенти, улуту күрт Талабани колдогон. Ал эми Ак үй жана Түркия сенаттын бу чечимине кескин каршы болушкан. Жакында болсо АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы армян геноцидин тааныган резолюцияга добуш берип, түрктөрдү ого бетер көкүтүп салгансыды.
Ошентсе да парламенттин чечимине карабастан түрк армиясы жакын аралыкта түндүк Иракка басып кирери азырынча көп жагынан күмөндүү көрүнөт.