“Азаттыкка” берген интервьюда АКШнын Мамкатчысынын орун басары Даниэл Фрид айым өткөн аптада Москвада Кондолиза Райс менен Роберт Гэйтс өткөн сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктады деп бүтүм жасап, маалымат каражаттары жаңылышканына көңүл бурду:
-Маалымат каражаттары сүйлөшүүнүн жыйынтыгын анын катышуучуларына караганда бир кыйла төмөн баалашты. Биз ракетадан коргонууда, Европадагы жөнөкөй куралдардын келишими боюнча оң жылыш жасадык… Россиялыктар али айрым келишпестиктер бар экенин танышпайт жана биз менен анын үстүнөн мүмкүн болгончо иштешүүнү каалашат.
Райс жана Гэйтс Москвага АКШнын Чехия менен Польшага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруунун зарылдыгын түшүндүрүү үчүн келишкен эле. Россиянын радардык системаларды эки өлкөгө жайгаштыруунун ордуна Азребайжандын Габала радардык станциясын чогуу пайдалануу сунушуна токтолуп, Даниел Фрид береги планга катар НАТОнун системаларын өнүктүрүү жагы да каралып жатканын айтты. Ошондой эле Иран жана башка өлкөлөрдөн болчу коркунучка каршы бар аскерий техниканы чогуу пайдалануу жөнүндө Россияга сунуш жасалды деди.
Фрид НАТО- Россия кеңешинин бейшемби күнү Брююселде аяктаган сүйлөшүүсүндө да ракетадан коргонуу маселеси талкууланып, тараптар талаштуу суроолордун үстүнөн иштөөнү уланталы деп макулдашканын белгиледи:
- Россия менен энергия маселесинде, демократия, Россиянын кээ бир коңшуларына болгон мамилеси боюнча бизде айрым келишпестиктер бар. Биз кызматташып чектелбестен, ортодогу айрымачылыктарга үзбөй көңүл буруудабыз, өз ара түшүнүүчүлүккө кантип жетишебиз, эмнеге макул болорубузду ачыктап койгубуз келет.
Ал эми “Маалымат каражаттарынын учурдагы россиялык- америкалык мамилелерге берген баасына макул эмессизби?” деген суроого, АКШнын Мамкатчысынын орун басарынын жообу мындай болду:
-Биз “жок” деп айткандын амалын издебедик. Биз алга жылуунун жолун табууга аракеттендик. Стратегиялык маселелер боюнча АКШ жана Россия чогуу иштегенге милдеттүү. Өткөн жумада россиялыктар биз жаңы идеяны сунуш кылганыбызды аңдашты жана алар конструктивдүү жооп бергенин биз көрдүк. Бул алар өз көзкарашын өзгөрттү, ортодо келишпестик жок дегенди билдирбейт. Бирок, мезгил өткөн сайын Райс менен Гэйтстин россиялык коллегалары менен сүйлөшүүсү үзүрлүү болууда.