«Жашылдар» партиясы бүгүн Алатоо аянтында уюштурган митинг эл аз келгендиктен бат эле аяктады. Саат 12:30 да аянтта уюштуруучулардын өздөрүнүн эсебинде 300дөн ашык адам чогулду. Башка байкоочулар жыйналган элдин саны мындан эки, үч эсе аз болду деп белгилешүүдө. Митингге келгендердин арасында пенсионерлер, жаштар менен кошо алданган аманатчылар да жүрөт. Чогулгандардын алдында укук коргоочулар Качкын Булатов, Сагынбек Момбеков чыгып сүйлөшүп, референдумга «жок» деп айтууга чакырык ташташты. Аянтта милиция кызматкерлери туш-туштан байкоо салып турушат. «Жашылдар» партиясынын митинг үчүн камдаган ураан-чакырыктары, аппаратуралары салынган автомашинаны милиция кармап кеткени да айтылууда. «Жашылдар» партиясы азык-түлүктүн кымбаттап жатышына каршылык жооп иретинде бүгүн Алатоо аянтында «Ачка Кыргызстан референдумга каршы» деген ураан алдында нааразылык акциясын өткөрө тургандыгын күн мурунтан жарыя кылган. Шаар бийликтери референдумга чейин митинг өткөрүүдөн баш тартууга үндөп, эгер макул болушпаса бул үчүн чара колдонулат деп эскерткен. 18-октябрда «Жашылдар» партиясынын Бишкектеги кеңсесинде милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн. Кээ бир адамдарды митингге келаткан жеринен милиция кармап кетип жатканы айтылууда. «Жашылдар» партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү Каныбек Сарымсаков менен Артур Рудгольфду милиция кармап кетип, милициянын Биринчи май райондук бөлүмүндө түшүнүк жазып жатышкандыгын партия лидеринин орун басары Анара Султангазиева билдирди. Түшкү саат бирге чукулдаганда аянттагы митингичилер Революция каармандарынын (Уркуянын) эстелигин карай жөө жүрүшкө чыгышты.(KCh)