Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:08

«АЧКА КЫРГЫЗСТАН РЕФЕРЕНДУМГА КАРШЫ» АКЦИЯСЫ (фотохроника)


12:30 Аянтта уюштуруучулардын өздөрүнүн эсебинде 300дөн ашык адам чогулду. Башка байкоочулар жыйналган элдин саны мындан эки, үч эсе аз болду деп белгилешүүдө. Митингге келгендердин арасында пенсионерлер, жаштар менен кошо алданган аманатчылар да жүрөт. Чогулгандардын алдында укук коргоочулар Качкын Булатов, Сагынбек Момбеков чыгып сүйлөшүп, референдумга «жок» деп айтууга чакырык ташташты.




12:47 Кээ бир адамдарды митингге келаткан жеринен милиция кармап кетип жатканы айтылууда. «Жашылдар» партиясынын жаштар канатынын өкүлдөрү Каныбек Сарымсаков менен Артур Рудгольфду милиция кармап кетип, Биринчи май райондук бөлүмүнө түшүнүк жазып жаткандыгын партия лидеринин орун басары Анара Султангазиева билдирди.




13:00 Эл аз келгендиктен «жашылдардын» митинги аяктап, элүү чакты митингичилер революция каармандарына тургузулган эстеликти көздөй жөө жүрүшкө чыгышты.



13:23 Уркуянын эстелигин жанында турган митингичилерге Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун келди. Ал «Жашылдар» партиясынын милиция кармап кеткен мүчөлөрүн бошотуп берүүгө жардам бере турганын билдирди.



15:19 Жашылдар партиясынын нааразылык акциясы соңуна чыкты. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Анара Султангазиева билдирди. Анын айтымында, учурда партиянын активистери жыйын куруп, мындан аркы кадамдарды талкуулап жатат. Ал эми адвокат болсо үн күчөткүч аппаратура жана плакаттар жүктөлгөн автонунааны, андан эки баланы бошотуунун үстүндө иштеп жатат. Автоунаа жана эки бала Биринчи май райондук милициясында кармалып турат.

XS
SM
MD
LG