Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

ДИССИДЕНТТЕРГЕ КАРШЫ ИРАНДАГЫ БАСЫМ КҮЧӨП БАРАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн дем алыш күндөрү Тегеран шаарында белгилүү адам укуктарын коргоочу Эмамедин Баки жана дагы бир нече адам бийлик тарабынан камакка алынды. АКШ жетекчилиги жана эл аралык уюмдар Иран бийлигин сынга алып, аларды бошотууну талап кылууда.

Эмамедин Баки жакында абакта отургандардын укуктарын коргоо уюмун түзгөн жана 14-октябрда кармалды. Буга чейин ал камакта отуруп чыккан, анткени 1990-жылдардын аягында өлкөдө көптөгөн диссиденттин өлтүрүлгөнү тууралуу бир нече макала жазган. 2003-жылы боштондукка чыккандан кийин ал андай аракеттерин уланткан жана былтыр - бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылууга кесилген, ошондуктан бийлик анын артынан аңдып келген.

"Хюман Райтс вотч" уюмунун Иран боюнча адиси Гади Гаэминин айтымында, Иранда азыр көптөгөн адам ошондой абалда: "Айрым адамдарды бийлик жашыруун камакка алат, кээ бирлерин ачык кармайт, андан соң, мисал үчүн, ири өлчөмдөгү күрөгө бошотот жана алардын кылмыш иши жабылбастан кала берет. Натыйжада, адам абакта отурбаганы менен, бийликтин барымтасында калгандай болот", - дейт Гаэми.

Бакинин камакка алынганын эл аралык уюмдар жана АКШ жетекчилиги дагы сынга алып, аны бошотууну талап кылды. Нобел сыйлыгынын ээси, Ирандагы адам укуктарын коргоочуларды бириктирген борбор түзгөн Ширин Эбадинин пикиринде, Бакинин кармалышы мыйзамсыз: "Тилекке каршы, Ирандын жарандык коомуна болгон кысым күчөп баратат. Бакинин кармалышы мыйзамдарга каршы келет", - деп билдирди Эбади 15-октябрда.

17-октябрда Иранда бир нече студент дагы кармалды, 18-октябрда болсо белгилүү журналист Жавад Акбари аэропортто кармалып, чет өлкөдөгү конференцияга жиберилбей койду, ага чейин сентябрда - аятолла Хаменеини сынга алган динаятчы Гади Чабел дагы камакка алынган.

Америкалык "Фридом хауз" уюмунун быйыл чыккан жаңы отчетунда - Ирандагы адам укуктарынын абалы былтыркыга караганда дагы начарларды деп айтылат. Мисал үчүн, былтыр июнда Тегеранда аялдардын укуктарын коргоону талап кылган демонстрация өткөрүлгөн. Аны уюштурган бир нече адам камакка алынган жана алардын арасында - парламенттин мурдагы депутаты Али Акбар Мусави-Хоини да болгон. Ошондон бери ал айтылуу "Эвин" деген абакта отурат жана, укук коргоочулардын айтымында, такай кыйноого алынат. Бийлик андан - эл алдына чыгып, аятолла Хаменеиден кечирим суроону талап кылууда.

Ошол эле абакта былтыркы июлдан бери дагы бир укук коргоочу Ахмад Батаби кармалууда. 1999-жылы ал студенттик демонстрация уюштурганы үчүн кармалып, 10 жылга эркинен ажыратылууга кесилген. 2005-жылы Батаби мөөнөтүнөн мурда бошотулган, бирок америкалык гезитке интервью бергени үчүн былтыр кайра кармалган. "Эл аралык мунапыс" уюмунун айтымында, түрмөдө анын ден соолугу өтө начарлап баратат.

Аны менен катар, айрым ирандык укук коргоочулардын айтымында, өлкөдөгү абалга эл аралык сахнадагы тирешүү дагы залакасын тийгизүүдө. Ирандын өзөктүк прогрммалары менен байланыштуу Тегеранга каршы эл аралык чектөөлөр жарыялангандыктан, Иран бийлиги азыр - демократиялык реформалар, басма сөз эркиндиги же адам укуктарынын корголушун талап кылгандардын баарын Батышка сатылгандар жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян тийгизгендер деп күнөөлөп, репрессияларды ого бетер күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG