Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:35

РЕФЕРЕНДУМДАН КИЙИН САЯСИЙ САЛГЫЛАШУУЛАР ТОКТОЙБУ?


“Референдум бардык саясий талаш-тартыштарга чекит коет». Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев референдумга добуш бергенден кийин билдирди. Ушул эле күнү добуш берген оппозициялык саясатчылар референдумдан кийин жагдай тынчып, өлкө чыныгы демократиялык нукта өнүгүп кетерине негиздер жок деп жатышат.

Президент Курманбек Бакиев жана анын жубайы Бишкектеги Ташкент көчөсүндөгү декоративдик багбанчылык боюнча совхоздун имаратында жайгашкан участокто добуш берди. Добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президенттин референдумга коюлган Конституциянын жана Шайлоо кодексинин жаңы редакцияларын эл колдоп берерине ишенимин билдирди:

- Момундай жамгыр жаап атканы да жакшы жөрөлгө. Себеби күздүк эгинге да, бардыгына керек. Мен ойлойм, жакшы маанайда бүгүнкү референдум өтөт деп мен ишенем.

Президент Бакиев ал гана эмес, эки жылдан бери токтобой келаткан саясий талаш-тартыштарга, саясий соодалашуу менен саясий оюндарга референдум чекит коюп, өлкө экономикалык өнүгүүгө бет алат деп эсептеди:

- Мен толук ишенем, талаш-тартыш тыйылыш керек. Себеп дегенде күчөгөнгө негиз жок.
Референдумда «жок» деп добуш берген «Ак шумкар» саясий партиясынын лидери Кубатбек Байболов референдумдан кийин жагдай курчуйт деп, буга мамлекетти туура эмес башкаруу башкы себеп болуп жатканын белгиледи:

- Кайдан чекит коет, чекит коюлбайт. Бул ошол саясий баталиялардын башы болуп атпайбы. Маселен, беш-алты эле киши баарын удургутуп атат дебеди беле. Кана, азыр андан жаман болуп атпайбы. Беш-алты айдан бери унчукпай эле отурабыз.

Референдумдун арты «Көкөтөйдүн ашындай» эле чырдуу болот деп эсептеген оппозициялык лидерлердин бири, «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин оюнда, мамлекет башчы бийлик талашка эмес, мамлекеттин байлыгын сактоого умтулушу керек болчу.
Саясатчыны долбоордогу табийгый ресурстарды жеке менчикке берүү жөнүндөгү жобо тынчсыздандырууда. Ошондуктан, ал референдумга «жок» деп добуш берди:

- Табийгый ресурстар чет элдиктердин колуна өтүп кетсе атамекенибиздин, элибиздин келечеги болбой калат.

Премьер-министр Алмаз Атамбаев өзүнүн мурдагы өнөктөштөрүнөн айырмаланып, референдумду колдоп добуш берди:

- Эми мен үмүт менен келдим да. Мынабу талаш-тартыштын баары токтоп, азыр кабыл алынып жаткан жаңы Конституция көпкө чейин иштеп берсе дейм элибизге талаш-тартышсыз.

Премьер-министр референдум кабыл алынган шартта өкмөт мүчөлөрү кетет, бирок, муну өкмөт иштебей калат деп түшүнбөш керек деп билдирди. Ошондой эле ал өзү иштеп турган маалда көп иштерди бүткөрө албай калганына өкүндү. Ал эми президент Бакиев менен бир учурда добуш берген жергиликтүү жаран өкмөт убада кылган баа түшпөй жатканын, пенсиянын аздыгын айтып даттанды. «Азаттыктын» сурамжылоолоруна караганда, мамлекеттик ишмерлердин жана саясатчылардын көпчүлүгү түшкө чейин добуш беришти. Референдумду колдоп добуш берген шаар мэри Данияр Үсөновдун билдиргенине караганда, Бишкекте тартип коргоо кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG