Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

КЕЛГЕНДЕР АЗ, ЖЫЙЫНТЫГЫ КӨП


Нөшөрлөп жааган жамгырдын арты карга айланып, 21-октябрдагы референдумда күндүн кабагы ачылбай, шайлоо участокторуна келгендердин катары кыйла эле суйдаң болду. Ага карабастан, борбордук шайлоо комиссиясы өлкө боюнча шайлоочулар арбын келишкенин маал-маалы менен кабарлап, активдүүлүк артып баратканын баса белгилеп турду. Бирок да андай активдүүлүк башкалаадагы шайлоо участокторунда улуу муун өкүлдөрдүн эсебинен толтурулат окшоп калды.

Бишкектин түштүк тарабындагы “Кыргызстан” айылында деле бул күнү таң атпай шаңдуу музыка жаңырып, жаан аралаш карды көрүп ичиркенип үйдөн чыккысы келбеген шайлоочуларды № 58-мектепке чакырып жатты. Түшкө жакын экиден-үчтөн келе баштаган шайлоочулардын көпчүлүгү улуу курактагы адамдар, буга чейинки шайлоо-референдумдардын бир да бирөөн калтырбаган, башкалаанын саясий активдүү жарандары болду.

- Мен тартип болушун каалайм, тартип болсун. Конституцияда тартип көбүрөөк болсун, элге жакшы болсун! Ошон үчүн добуш бердик да, туура айтамбы,- деп жооп берди айыл тургуну Лидия Колпакова.

Кыйла жылдардан бери “Кыргызстан” айылында жашаган Талант Эсенгелдиев шайлоочулар тизмесине киргизилбей калыптыр. Ал референдумга коюлган эки суроого тең “каршы” жооп бергенин жашырган жок.

- Мен, мисалы, колдобойм. Референдумду шашылыш өткөрүп койду. Окуганда бийликти президент өзүнө алып алгандыгы көрүнүп турат. Элди ойлогон жери жок. Жеке бийлигин көтөрүү, ыйгарым укуктарын көбөйтүү. Бул мыйзамдан башка өзгөрүүнү көргөн жокмун.

Ушул эле айылдын тургуну Дилбара Андабекова да Конституциянын референдум аркылуу өзгөртүлүшүнө каршы.

- Менин оюмча, бул референдум шашылыш жумуш. Элге делген ишеним бул жерде жок. Ошон үчүн менин жообум да “жок”.

Референдумга катышкан Владимир Логин эмнеликтен көпчүлүк эл Конституцияга карата өз пикирин билдирбей кайдыгер карап жатышканына таң калганын жашырган жок.

- Чет өлкөдө шайлоо укугунан ажыратып койсо сотко беришет экен. Бизде болсо “мага жакпайт” деп келбей коюшат. Келип өзүңдүн мамилеңди билдирип кой!

Бишкектеги № 1063- шайлоо участогунда деле шайлоо участогуна эринбей келип өз мамилесин билдиргендердин катары суюк болду. Башкалаанын тургуну Шүкүр Жамалов президент сунушун колдоо үчүн референдумга келген.

- Президент тараптан болгон көп эле сунуштарды колдойбуз.

Бишкектеги № 1042-шайлоо участогунун башчысы Фарида Касымова убакыттын аздыгынан шайлоочулардын кыйласы референдумга коюлган маселелерден кабарсыз калганын айтты.

- Эми азыраак болуп калды деп мен дагы ойлойм. Анткени бул өзү өтө чоң иш да. Ошон үчүн убакыт азыраак болуп калды деп ойлойм.

Добуш берүүнүн өтөле ыкшоо жүрүшүнүн жөн-жайын № 1063-шайлоо участогунун башчысы Людмила Лыткина момундай себепке байланыштырды.

- Кызыккандардын баары участокко келип, гезит окуп, телекөрсөтүүдөн угуп кабардар болушту. Ал эми кары адамдардын көбү кабарсыз калышты деп ойлойм. Маалымдоо каражаттарында кабар, реклама аз чагылдырылды. Ушул себептен.

Референдумга байкоочу катары катышып олтурган Асел Бейшенбаева аба ырайынын айынан шайлоочулар аз келип жатканын ырастап, алардын саны кеч киргенче анчалык деле көбөйбөйт, деген пикирин билдирди.

-Ушундай келип турса бүгүн 20% болсо дагы азыр жакшы эле келип жатат.

“Арыш” коомдук бирикмесинин байкоочусу Гулира Бейшеналиева референдумга жаштар аз катышып жатканын белгиледи.

- Байкоомдо карылардын арбын келгени мени кубандырып жатат. Ал эми жаштардын аз келгени өкүндүрүп жатат.

Өлкөнүн Башмыйзамын референдум аркылуу жаңылоо ушуну менен бешинчи ирет өткөрүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG