Полшада 30 миллиондой шайлоочу бар. Алар шайлоого начар катышат деп болжолдонууда. Бул ирет төмөнкү палатада Сеймдеги 460, Сенаттагы 100 мандат аныкталат. Бир да партия дароо көпчүлүккө жете албайт деп айтылууда. Бирок сурамжылоолор борборчул-оңчул Жарандык Платформа партиясы алдыга чыгаарын көрсөткөн.
Дональд Туск жетектеген оппозициядагы бул партия ишкердүүлүктү күч алдыруу, Ирактан Полшанын аскерлерин чыгарып кетүү жана европалык союздаштар менен кийинки кезде солгундап кеткен мамилени бекемдөөнү жактайт. Консервативдик Мыйзам жана Акыйкаттык партиясынын 2 жылдык бийлиги тушунда өлкөдө калктын турмушу оңолду, бирок саясий талаш-тартыштар токтобой келди.
Өкмөт башчысы Ярослав Качинский жана анын эгиз биртууганы президент Лех Качинский жетектеген ббийлик партиясы Полшада АКШнын ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн жайгаштырууну колдошот, ошонун айынан Польшанын Россия менен акаласы дагы начарлаган эле. Качинскийдин өкмөтү ошондой эле Евросоюздун эски мүчөлөрү менен ачык тирешүүгө жол берип келген.
Акыркы коалициялык өкмөт Полшада сентябрда кыйроого учурадандан кийин, өкмөт башчысы парламенттик шайлоону эки жыл мөөнөтүнөн мурда жарыялоого мажбур болду. Президенттик шайлоо 2010-жылга белгиленген.
Оппозициядагы Жарандык Платформа партиясы шаарларда жана жаштар арасында колдоосу күчтүү деп саналат. Ал эми консерватор Качинскийди улуу жаштагы жарандар, католик динине айрыкча берилгендер жана элеттиктер колдошот.
Бирок жалпысынан майдараак популисттик партиялардан куралган коалициянын эки жылдык ишине ыраазы болгондор аз. Курулушта иштеген жумушчу Марек Касперовский мындай дейт:
– Бир тууган Качинскийлер таптакыр эч нерсе кылышпайт. Мыйзам жана Акыйкаттык партиясы акыркы эки жылда эч нерсе бүтүргөн жок. Жарандык Платформанын колунан бир нерсе келет деп үмүттөнөм.
Эгер оппозициядагы партиялар төмөнкү палатадагы орундардын бештен үчүн алса, алар президенттин мыйзамдарга вето кою укугун жокко чыгара алышат. Шайлоонун жыйынтыгы шейшембиде жарыяланат деп күтүлүүдө. 2005-жылдагы шайлоого шайлоочулардын 40 пайызы гана катышкан.