Нарын шаарындагы №4072 Кыргыз-түрк лицей шайлоо участкасында саат таңкы бештен 50 мүнөт өткөндө келгенимде бир карыя ичкерде жүрүпьүр. Бул жерде шаардын мэри Бейшенаалы Боогачиев да бар экен. Туптуура саат алтыда добуш берүү ачык деп жарыяланып, береги 75 жаштагы карыя Түкү Жунусов эң биринчи ирет добуш берүүгө катышып жаткан Ырысбек Абдылдаев жана шаардын жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев сөз сүйлөштү. Түкү Жунусов бюллетень алаарга келгенде анын добуш берүүгө укугу бар тизмеде аты-жөнү жок болуп чыкты:
- Өздөрүнөн кеткен күнөө. Бул жерден тизмесин алып, тактап кетишкен. 1932 жылы туулгам, үйүмдүн дарегин айткам. Кандай себептен туура болбой калды.
Түкү Жунусов карыядан кошумча тизмеге киргизүү тууралу арыз алынбастан бюллетень берилди:
- Арыз жаздырган жок.
Облустук рефрендум комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев бул көрүнүштү мыйзам бузуу катары баалап, бирок көңүлгө алаарлыгы жөнүндө:
- Сөзсүз документтерин текшерип туруп, арыз жазыдырып кошумча тизмеге киргизиш керек болчу. Муну биз көңүлгө алалы.
Ал эми добуш берүүгө келген жана көчөлөрдө жүргөн айрым атуулдарга микрофон сунгандыгыбызда:
- Мамбетказиев Абдрахман. Колдодум. Себеби тынччылыкты каалайм.
- Осмоналиев Жумабек. Мен саат алтыда келип добуш бердим.
Ал эми облустук рефрендум комиссиясынын төарагасы Аманкул Молдалиев күндүн түш жарымына чейин өтө чырлуу арыз-даттануу түшпөгөндүгүн, бирок жетекчилердин участкаларга кирип алып жаткандыктары тууралу маалыматтар бар экендигин белгиледи:
- Нарын шаарында мекеме жетекчилери участкаларга кирип алган учурлар болду дейт. Бирок эскертип айттык. Участкага турууга мыйзам жол бербейт. Ошон үчүн көзөмөлдөөгө алардын акысы жок.