Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

РЕФЕРЕНДУМДА ЖАЛАЛАБАТ ЖОГОРКУ АКТИВДҮҮЛҮКТҮ КӨРСӨТТҮ


Областтык референдум комиссиясы референдумга Жалалабат облусу активдүү катышты деп билдирди. Көз каранды эмес байкоочулар облуста добуш берүүлөрдүн жогору болгондугуна күмөн саноодо.

Көз каранды эмес байкоочулар облуста добуш берүүлөрдүн жогору болгондугуна күмөн саноодо. Алардын байкашынча айрым шайлоо участкасында мыйзам бузуулар катталды. “Ата мекен” партиясынын облустагы төрагасы Эргешаалы Сабиров Жалалабат шаарындагы №2093 шайлоо участкасынын мүчөсү Уулкан Мамасабирова 8 бюллетенди добуш берүү үкөгүнө салып жаткандыгы көрмө тасмага тартылып калганын билдирип, ошондуктан элдин көп добуш бергендигине ишенбей тургандыгын айтты.

Жалалабат медициналык окуу жайындагы шайлоо участкасына кирген референдумдун жаш катышуучулары бүткүл элдик добуш берүүгө коюлган маселелердин маани-манызын түшүнбой туруп добуш беришти. Референдумду депутаттык шайлоо менен чаташтырып алышкан. Облборбордогу техникалык лицейдеги участкада бир адамга 3 бюллетень берилгенин көз каранды эмес байкоочу каттады.

Сузак районундагы Атабеков айыл өкмөтүнө добуш берүүчүлөрдүн аз келгендигин жергиликтүү байкоочу Абдрахман Жолчиев билдирди.

Базаркоргон районундагы Акман шайлоо участкасына шайлоочулар аз келгенин байкоочу Айгүл Семетеева айтты.

Университет шайлоо участкасынын мүчөсү Уулкан Мамасабирова өз үйүндө катталган балдары менен кайни-кайын сиңдилери ыраакта жүргөнү үчүн добуш берүүгө кире албай, телефон аркылуу суранышкандыктан алар үчүн добуш бергендигин мойнуна алды. Аталган шайлоо комиссиясынын төрагасы мыйзам бузуу катталгандан кийин областтык шайлоо комиссиясы тарабынан кызматтан четтетилди.

Рефрендумду өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы Нурмамат Ашымовдун белгилешинче облуста референдум өттү. Айрым мыйзам бузуулар референдумдун деңгээлине таасир эте албайт. Кечээ кечинде алынган маалыматтарга караганда, облустагы шайлоого укуктуу 486864 жарандардын 324407 добуш берип, алдын ала маалыматтар боюнча референдумга алардын 67 пайызы катышты. Бирок жалпы добуш берүү мындан да көп болуусу ыктымал. Анткени кечки саат сегизде добуш берүү токтотулуп, бюллетендер саналууда, деп айтты Нурмамат Ашымов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG