Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

РЕФЕРЕНДУМ: ОРУСИЯДА ДОБУШ БЕРҮҮ БЕЛ АШТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын үч шаарында Кыргызстанда өткөрүлүп аткан референдум үчүн добуш берүүлөр болду.

Орусияда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчисинин милдетин аткарып аткан Раимкул Аттокуровдун алдына келип түшүп аткан маалыматтар Маскөөдө кеч кирген кезде мындайча болуп чыкты.

РАИМКУЛ АТТОКУРОВ: - Москва убактысы боюнча он тогуз саатка чейин Москва шаары боюнча 3112 шайлоочу катышты, Екатеринбургда 1581 шайлоочу катышты, Новосибирск боюнча 1312 шайлоочулар катышты, орто эсептен алганда 19 саатка чеийн бүт Орусия боюнча катышуучулардын саны 62 пайыз болуп чыгып атат азырынча. Ошондуктан Орусия боюнча шайлоо өттү деп айтсак болот.

Бул ырасмий маалыматты башка булактар менен салыштырууга мүмкүндүк болгон жок. Канткен менен Маскөөдө добуш берүүчүлөр мурдагы, 2005-жылкы шайлоого караганда аз болду. Ырас, ал жолу орусиялык он шаарда баш-аягы 13 шайлоо участкалары түзүлүп добуш берүү болгон. Бул жолу референдум үчүн добуш берүү участоктору үч гана шаарда Маскөө, Екатеринбург жана Новосибирскиде ачылыптыр. Кыргызстандын элчилигинин арткы короосуна чогулгандан негизинен жаштар болуп чыкты.

ЧЫНАРБЕК ЖУМАЛИЕВ: - Жалалабаттан болом. Строгинодон келдик. Аны-мунуну жеткирүүчү болуп иштейм. Баарыбыз ошол, Строгинодон бир автобус болуп келдик. Азыр эле шайлоо бөлмөгө кирип чийип чыктык, менимче, туура кабыл алды дейм.

Аралап басып ар ким менен сүйлөшө келгенибизде кыргыздардын көбү рефрендумдагы кош жарандуулуктун козголуп атышын жактырыша турганды белгилүү болду. Ал эми чоң саясатка да таасири бар экендиги жөнүндө Бауман Университетинин доценти Акжолов Мамамтжан айтат:

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Депутаттарды партиялык тизме менен өткөрүүнү мен жактайм. Себеби бизде бир мандаттуу шайлоо болгон учурларда эл жер-жерге бөлүнүп, тууганчылыкка бөлүнүп атпайбыбы. Ошондой ызы-чуулар токтолот дегн үмүттөбүз. Ошол эле учурда бийликтин вертикалдуулугу деген кирип атат. Мурда айыл өкүмөттөрүн эл шайлачу. Эл шайлаганда деле туушкандарына тартуунун кесепетинен бир айыл эки жат болуп бөлүнүшкө дуушар болуп атат. Бул маселени кантип чечиш керек?

АЗАТТЫК: - Референдум өткөндөн кийин ошол маселелер чечилет деп ойлойсузбу?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Так чечилет экен дегенден алысмын, бирок кандайдыр бир жакшы жакка баратабыз деген ойдомун.

АЗАТТЫК: - Бул рефрендум орусиялык вертикалды Кыргыстанга алып келет деген аңырт бар, буга Сиз кошула аласызбы?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Бул аңырт эмес жана мен айтып аткан өкүмөттөрдү мындан ары акимчилик шайлайт. Райондун акими ошол өкүмөттөрдү эми өзү шайлайт. Демек акимдин бийлигин күчөтүп атат. Ал эми акимдерди президент шайлайт (дайындайт – ММ).

АЗАТТЫК: - Андай болгондо Орусиядагы жагдайды биз көрүп жүрөбүз, ага окшоп, бийлик акыры жүрүп коммунисттик эски тартипке кетип калбайбы?

АКЖОЛОВ МАМАТЖАН: - Коммунисттерде болобу, бизде болобу элибиздин жашоо тиричилигине пайда алып келер турган нерсени колдошубуз керек.

XS
SM
MD
LG