Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

БШК: БАШ МЫЙЗАМДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУН РЕФЕРЕНДУМГА КАТЫШКАНДАРДЫН 75 ПАЙЫЗДАН АШУУНУ КОЛДОДУ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу Соңку маалыматтарга ылайык, кечээки референдумда добуш бергендердин 75,26 пайызы конституциянын жаңы долбоорун колдосо, 4 пайызга жакын адам ага каршы добуш беришкен. Бул тууралуу БШК мүчөсү Көкүмбай Турусбеков «Азаттыктын» түз ободогу таңкы маегинде айтып берди.

- Көкүмбай мырза, бүгүн таңга карата соңку жыйынтыктар кандай болду?

- Жалпысынан референдумга добуш берүүчү 2 698130 адам тизмеге кирген. БШКнын автоматташтырылган системасына алдын-ала келип түшкөн маалыматтар боюнча, референдумга 2 174962 адам добуш берип, ал 80,61 пайызын түздү.
-

- Добуш берүү кандай болгону, тактап айтканда канча добуш макул же каршы болгону да белгилүү болуп калса керек азыр?

- Ооба, алгачкы эсептөөлөр боюнча, добуш бергендердин ичинен конституциянын жаңы долбооруна 75,26 пайызы макул деп, 3,95 пайызы каршы деп добуш беришкен. Ошол эле учурда Шайлоо кодексине 75,73 пайызы макул, 4 пайыздайы каршы деп добуш беришкен.
-

- Добуш берүүнүн толук жыйынтыгы качан чыгарылат?

- Азыр дагы маалыматтар түшүп жатат. Менимче, бүгүн толугу менен жыйынтыгы чыгарылса керек.

- Көкүмбай мырза, кабарыныз болсо керек, кечээ бир катар көз карандысыз байкоочулар добуш беруу бир топ мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- БШКга азырынча эч кандай арыз-доолор түшкөн жок. Биз деле ар кайсы маалымат каражаттары, интернет булактары аркылуу андай маалыматтардан кабарыбыз бар. Кээ бир жерлерде мыйзам бузуулар болду деген маалыматтар бар. Шайлоо участкаларында иш кечээ түнкү он эки-бирлерде бүтсө, эми ал арыздар облустук шайлоо комиссияларына түшүшү керек. БШКга андай арыздар балким бүгүн түшүшү мүмкүн.

- Ошондой мыйзам бузуулар боюнча фактылар добуш берүүнүн жыйынтыгына тассир эте алабы?

- Эми кандай формада мыйзам бузуулар болду, биз азыр билбейбиз. Ошон үчүн аны мен айта албаймын. Бирок мындай арыз бергендер участкалык комиссияга өз убагында кайрылып, алар чечим кабыл алып, ошол арыздангандарга бериши керек. Эми биз дагы жер-жерлерде ошондой мыйзам бузуулар бар деген маалымат угуп жатабыз. Бирок бизге азырынча андай арыздар келе элек. Эгер андай арыздар келсе карап көрөбүз да.

- Рахмат маегиңизге!

XS
SM
MD
LG