Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:08

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: ПАРЛАМЕНТТИН АША ЧАПКАН АРАКЕТТЕРИ КРИЗИСКЕ АЛЫП КЕЛДИ


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Улуттук телеканал аркылуу чыгып сүйлөп, Жогорку Кеңештин курамын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алганын билдирип, жаңы парламентти шайлоого даярдык көрө берүүгө чакырды. Мамлекет башчы парламенти таркатууга Жогорку Кеңештин башка бийлик бутактарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен, аша чапкан аракеттери чечилгис кризиске алып келгендиги себеп болгондугун айтып, сынга алды.

«Парламент көп жагынан аткаруу бийлигин кайталап, Конституцияда каралган кадрдык дайындоолорго гана эмес, өкмөттүн, министрликтердин, ведомстволордун ыкчам чечимдерине да таасир тийгизүүгө аракет кылып туруп алды. Депутаттар көп сандаган депутаттык комиссиялар көзөмөлгө алышы керек деген шылтоо менен айрым ишканаларды башкарууга да аракет кылды. …Депутаттар өз бизнесинин таламдарын же туугандарынын бизнесин ачык эле колдоого алган учурлар толукп жатат»,- деп айтты Курманбек Бакиев.

Президент Жогорку Кеңешти ошондой эле Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдарды эки жолу мыйзам бузу менен кабыл алганын да айтып өттү.

«Баарыбыз бул мыйзам бузуу, Конституциянын талаптарын бузу менен кабыл алынгандыгы жөнүндө Конституциялык Соттун чечимин уктук. Конституциялык Сот бул жолу негиздүү жана мыйзамдуу чечим кабыл алды. Мен ал чечимге макул болууга жана муну менен өз жоопкерчилигимди моюнга алууга аргасыз болдум. Бирок мыйзамды бузган Жогорку Кеңеш таптакыр башка позицияны ээлеп туруп алды. Ал соттордун көзкаранды эместигин танып, өз нугунда иштешине тоскоол болууга багытталган чечимдерди кабыл алды. Жогорку Кеңештин мындай позициясы мамлекеттин укуктук системасынын өзүнө кесепетин тийгизди. Бийликтин эки бутагынын ортосунда чечилбес карама-каршылыкты жараткан кризиске алып келди. Мындай жагдайда, колдонуудагы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешти таркатуу жөнүндө чечим кабыл алуу – менин милдетим. Мен ошол милдетимди аткардым”,- деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчы Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө киргенден кийин, Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындоо жөнүндө жарыя кыларын, ал шайлоолор таптакыр башкача нукта, толук демократиялуу жана таза өтө тургандыгын билдирди.

“Мыйзамда каралган бир аз убакыттан кийин акчасы үчүн эмес, идеялары үчүн тандалган татыктуу адамдардан турган парламентке ээ болобуз,”-деди Курманбек Бакиев.

XS
SM
MD
LG