Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

“АТА МЕКЕН” РЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА ИШЕНБЕЙТ


“Ата мекен” партиясынын Жалалабат облустук комитети 22-октябрда өткөргөн конференция өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык кырдаалды татаал деп баалады. Делегаттар 21-октябрдагы референдумга элдин көп катышкандыгына ишенбей тургандыгын, административдик ресурстар колдонулгандыгын, айрым участокторго 10-20 пайыз гана шайлоочу катышкандыгын белгилешти. Бийлик өкүлдөрү менен айрым байкоочулар мындай бааны негизсиз деп эсептешип, партиянын айыптоолорун четке кагышты.

Өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык кырдаал олуттуу тынчсыздануу туудурат. Мындай бааны конференцияда баяндама жасаган партиянын областтык уюмунун төрагасы Эргешалы Садиров берди. Анын белгилешинче республикада коррупция азайбай, буюртма киши өлтүрүү, үй-бүлөлүк башкаруу ыкмасы жоюлган жок.

Өлкөдө өкмөттүн иштөөсүнө мүмкүндүк берилбей, март ыңкылабынан кийин өкмөт башчы менен баш мыйзам бир нече ирет өзгөртүлдү. Конференциянын делегаты Сеит Кадырбековдун сөзү боюнча бийлик эски доордун кемчиликтерин кайталоодо. Тышкы карыз өсүп, кымбатчылык күчөгөндө референдумга сарпталган каражаттар буудай, үн менен камсыз кылаар тармактарга жумшалса болмок:

- Жалпы эл өтө кыйналып турганда 21-октябрда өтүүчү референдумга коргон 750 млн. сомго болжол менен 50 миң тонна буудайды алса болмок. Үй-бүлөлүк башкаруулары, бийликке умтулуулары мурдагы бийликке окшош.

Рефрендумга шайлоого укуктуу жарандардын 80 пайыздан ашыгы катышты деген расмий маалыматтар ишеничсиз. Мурда Ноокен районунда аким болуп иштеген делегат Советалы Сеиткулов айрым участокторго 10-20 пайыз шайлоочу катышкандыктан референдумда административдик ресурстар колдонулду деген сөзүн ортого салды. Анын мындай пикирин делегат Ильич Нарматов да колдоду:

- Байкоочулар карап турду, шайлоого 20 пайыз да эл келген жок, 10 пайыз келди окшойт. Аны дагы үйлөрүнөн чакыртышып келишти. “Ата Мекен” партиясынын кадыр-баркы күндөн-күнгө өсөт.

Oблуста шайлоочулардын 88 пайыз добуш берүүсү алардын өз үнүн айтууну эңсегендигине далил. Жергиликтүү бийлик элди добуш берүүгө чакырбай, район-шаар, айыл бийликтерине көрсөтмө бербей, референдумдун жүрүшү жөнүндө маалымат алып, өз иши менен алек болду. Ушундай оюн айткан губернатордун орунбасары Камила Талиева «Ата Мекен» партиясынын билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт:

- 88 пайыз эл рефрендумга барды деген маалымат болуп атат, бул дагы такталат. Административдик ресурс менин жеке пикиримде эч колдонулган жок. Облустук администрация бүт аппаратыбыз менен кечээ кечке иштедик. Болгону отчетторду алдык. Бир киши айыл өкмөткө, шаарга, же районго барып агитация, же элди мажбурлоо менен чакырып келүү иш чаралар боюнча факты жок.

Референдум мыйзам бузуусуз өткөндүгүн Социал-демократиялык партиянын байкоочулары баамдап турушкан. Партиянын облкоординатору Нурбек Касымбековдун пикиринде эми экономиканын өсүүсүнө шарт түзүлдү.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG