Анда партиянын символу менен эн белгиси, мүчөлүк төлөмү, партиянын иш планы сыяктуу бир катар маселелер талкуланары күтүлүүдө. 15-октябрда Бишкекте президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын республикалык жыйыны болуп, анда президенттик “Ак жол” Элдик партиясы түзүлүп, анын төрагалыгына президент Курманбек Бакиев бир добуштан шайланган. Ошол эле күнү партия Адилет министрлигинен каттоодон өткөн соң, Курманбек Бакиев партиядагы ишмердүүлүгүн токтоткону кабарланган. (ZMa)