Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

МУНАЙ КЫМБАТТООСУНУН ЖҮЙӨӨСҮ ЭМНЕДЕ?


Өткөн аптада дүйнөлүк базарда мунай баасы жаңы рекорддук чекти багындырып, бир баррели 90 долларга чыккан эле. Кайра ушул дүйшөмбү күнү Европаны биржаларында баа эки-үч долларга арзандады. Кыш жакындап келе жатканын жана башка бир катар факторлорду эске алганда баары бир мунай наркы көтөрүлө берет деген кооптонуулар жок эмес. Жагдайды "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда Глоабалдык энергетикалык изилдөөлөр боюнча Лондондогу борбордун аналитиги Манучер Такин түшүндүрүп берди.

Мунай баасынын кымбаттоосун аналитиктер бир катар, анын ичинде базардагы сунуш менен талаптын ортосундагы ажырым, геосаясаттагы проблемалар, доллардын нарксыздануусу өңдүү себептер менен түшүндүрүшүүдө. Лондондук аналитик Манучер Такиндин пикиринде, азыркы баа учурдагы гана эмес, келечектеги суроо -талапты да чагылдырып турат:

-Биз мунай базарында адамдар колдо бар сырьену сатып жана сатып аларын такай эске алышыбыз керек. Бирок алар ошондой эле келечектин базарында да активдүү. Алар кагаздагы баррелдерди бир нече айдан бир, эки,үч, төрт же андан көп жылга алдыга сатып алышат. Андыктан, жакынкы айларда, кийинки жылы же андан кийинки жылдары күтүлүп жаткан нерселер да баага таасир этет.

Ал эми глобалдык базарда күтүлүп жаткан нерсе - мунай болгон керектөө жакынкы жылдары өсө берери. Кара май менен камсыздоо иши кыска аралыкка болсо да кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн. Европа менен Түндүк Америка, Кытай менен Азиянын башка өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүш энергияга болгон суроо–талапты күчөтүүдө.

Лондондук аналитик Манучер Такин белгилегендей, соңку жылдары, өзгөчө быйыл чийки мунай өндүрүшүндө олуттуу таңсыктык жок, бири экинчисинен ашып кетпеген тең салмактуулук бар. Бирок кайра иштетүүгө келгенде, ажырым көбүрөөк көрүнүүдө:

- Бул жерде, кайра иштетүү өндүрүшүндө башка жетишпегендиктер бар. Дүйнөнүн кайра иштетүү ишканаларынын кубаттуулугу өсүүдө, бирок акырындык менен. Керектөөчүлөр мунайды эле эмес, бензиди, дизелдик отунду жана башка түрлөрүн сурашат. Ал эми мунай тазалаган ишканалардын кубаттуулугу чектелүү эле. Жаңылар курулуп, мүмкүнчүлүк кеңейип жатканы менен бул, албетте, убакытты талап кылат.

Андан кийин жогорудагы себептерге олуттуу геосаясий факторлорду да кошуу керек. Маселен, Түркиянын Ирактын түндүгүндө күрд согушкерлерине каршы күтүлүп жаткан ыктымал операциясы, Ирандын өзөктүк программасы байланыштуу узактан бери уланып жаткан кризис мунай соодасы менен алектенгендерди чоочутууда. Күн сайын Перси булуңу аркылуу танкерлер 16-17 миллиард баррел мунай алып өтөт. Аскерий жаңжаал чыкса, бул жараян үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу бар. Мындан сырткары доллардын нарксыздануусу да мунайдын кымбаттаганына салым кошкону айтылып жатат. Бул маселе боюнча аналитик Манучер Такин мындай дейт:

-Бул чындап эле татаал маселе. Менимче, доллардын наркы менен мунай баасы бири –экинчисине байланган нерсе деп жөн эле айтууга болбойт. Бирок көптөгөн аналитиктер доллар нарксыздангандыктан, мунай баасы өсүш керек, себеби доллар эл аралык базардын бирдиктүү акчасы, соода көбүнесе доллар менен жүрөрүн белгилеп жатышат. Мен мынчалык жөнөкөй деп ойлобойм. Анткен менен жалпысынан алганда бул да фактор.

Айтор, мунай дагы кыбаттайт делгени менен баа канчага чейин көтөрүлөрүн эч ким олуялык кылып айта албай жатат. Бирок, адистер арасында баа олуттуу төмөндөрүн күтүп жаткандар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG