Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

«БАКЫРБА БАА, БАКЫРСАҢ ДАНИЯРГА АЙТАМ!»


Базарда бүгүн тамаша-чыны аралаш ушундай сөз жүрө баштаганын, шаар башчысынын милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов мырза базар аралап чыгып, азык-түлүктөрдүн баасын атайын көтөрүп жаткандар бар экенин, аларга катуу чаралар көрүлөрүн убада кылып, телеканалдар аркылуу арзандайт дегенден тамак- аштын баасы мурдагы эле бойдон калып жатканын айтышууда.

«Агым» гезити бүгүнкү санына мындай маалыматты жарыя кылды. Бишкектин базарларында: 1кап ун-1500-1900 сом, макарон-35 сом, вермишель-35 сом, күрүч-35 сом, өсүмдүк майы, куюп сатканы-80 сом, бөтөлкөдөгүсү-95 сом, картошка-13-15 сом, бир бөлкө-11 сом, лепешка-9-15 сом, уй этинин бир килосу-185 сом, кой этинин бир килосу-200 сом.

«Кыргыз руху» гезити бир кездеги легендарлуу деп аталган парламенттин депутаты, «Эмгек жана биримдик» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү О.Шаршенов менен баарлашкан. Ормон мырза президенттин жактоочулары түзгөн «Акжол» партиясына кошулалы деп барса, президенттик админстрациянын башчысы М.Садыркулов «партияңарды тараткыла, анан кошуласыңар» деп айтканынан кийин кошулбай калганын, ошол эле М.Садыркулов чүйлүк жетекчилерге, мектеп, айыл, мекеме-уюмдарга «Акжолдун» баштапкы уюмун түзөсүңөр деп буйрук бергенин угуп атканын… Иши сотко өтүп, убагында Акаевге 420 миң доллар бергенин мойнуна алган адам бүгүн Бакиевдин оң колу болуп олтурганына таң каларын, элди кылымдар бою отурукташкан жеринен азгырып, сонун-сонун убадаларды берип, Бишкектин жака-белиндеги жерлерди басып алууга үндөгөн сасык саясатчылар деле президенттин оң колу, сол колу болуп олтурганын, бир кызыгы бул сяыктууларды кезинде Акаев, «Акаев таза, аны жанындагылар гана бузуп жатат» деген коомдук пикир түзүү үчүн атайылап жанына алып жүргөнүн, бирок алар Бакиевди курчап турган бүгүнкүдөй таасир көрсөтүүчү күчкө ээ болбогондугун кеп салган.

Кыргызстандын эртеңки келечеги жалгыз гана кыргыздардын өзүнө эмес, аны менен чогуу жашап жаткан башка улуттун өкүлдөрүнө да байланыштуу деп жазган «Белый пароход» гезити окурмандардын көңүлүн «Түштүк синдрому» деген макалага бурган. Түштүк аймагынан түндүктү көздөй өз үй, өлөң төшөгүн таштап, агып келип аткандар жыргаганынан көчө качып жатышкан жок. Ырасмий маалыматтар боюнча Оштогу орточо маяна Бишкек менен Чүйдөгүгө салыштырганда эки эсеге төмөн. Социалдык-экономикалык ахыбал оор. Бирок мындан да жаманы- ошол чегара райондорундагы кыргыздар таштап кеткен короо-жайларга өзбектер менен тажиктердин ээ болуп жатканы. Акыркы жылдары эле өзбектердин түштүк аймагындагы саны 1 миллион адамга жетти. Баткен облусунун чегара аймагындагы кыргыз жерлерине тажик жарандары сүзө качырып кирип эле үйлөрүн же чарбалык турак жайларын зордук менен курганга өтүштү. Бирок түштүктөгү мындай абалга карабастан ырасмий бийлик башын кумга каткан төө куштун позициясын ээлеп келет. Качанкыга чейин? Ал башын кумдан алгыча Кыргызстандын картасы күнгө жайган теридей улам куушурулуп, улам тарып… Түштүк колдон чыгып кетип барат… деп коңгуроо какты.

«МСН» гезити мындан эки жарым жыл мурда дуу түшүп, эл арасында Акаевдер өз элин талап-тоноп кетти, миллиондогон сомдорду уурдап жок кылды деген тергөө иштеринен эчтеке чыкпагандыгын, көрсө экс-президент да, анын үйбүлөсү, жубайы М.Акаева да жубардай таза экендигин, эми аларга кылапат кыла турган кине жоктугун, болгону Айдар Акаев менен күйөө бала А.Тойгонбаевга издөө салынганын Кыргызстандын күч органдары массалык маалымат жыйынында айтып чыкканын маалымдап, анда буга дейре элдин башына жаңгак чагып, көз көрүнөө ботко чалуунун эмне кереги бар эле, тилекке каршы ошол ботко бүгүнкү күнгө дейре түгөнбөй келатат деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG