Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

А.БЕКНАЗАРОВ: ПАРТИЯЛЫК ШАЙЛОО ПРЕЗИДЕНТТИН ТҮБҮНӨ ЖЕТЕТ


Президенттин жардыгы менен Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркатылышын оппозициячыл депутаттар негизсиз, Конституцияга карама-каршы келген чечим деп эсептешет. Алардын баамында өлкө башчысы референдум өткөрүүдө да мыйзам бузууларга жол берген. Ал эми экс-спикер Марат Султанов парламентте акыркы маалымат жыйынын өткөрүп, президент 2003-жылдын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңешти таркатууга укугу бар экенин билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы колдонулуп жаткан Конституциянын 62-беренесинин 2-пункту менен Жогорку Кеңешти таркатууга президент Бакиевдин жардыгы негизсиз деп эсептейт.

-Президенттин парламентти таркатуу боюнча жардыгы негизсиз деп эсептейм. Таркатууга негиз болуп бийлик бутактарынын ортосундагы келишкис каршылыктар болушу керек. Ал эми Конституциялык Сотко Жогорку Кеңештин берген баасын келишкис каршылык деп эсептөөгө болбойт. Бул саясий пикир. Экинчиден Конституциялык соттун кээ бир мүчөлөрүн кызматтан кыскартуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому болгон. Ал токтомду райондор аралык сот жокко чыгарып, бул маселе да чечилген. Кыскасы талаш жараткан, же чечилгис маселе туңгуюк болгон жок.

Ал эми «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров болсо президенттин парламентти таркатуу тууралуу жардыгы Баш мыйзамга туура келбейт деген көз карашта.

-Президенттин жардыгы Конституцияга туура келбейт. Мыйзамсыз. Бирок президент убагында кызматынан кыянаттык менен пайдаланып парламентти таркаткан, деген укуктук баа берилет. Аны тарых көрсөтөт. Кыргызда жакшы сөз бар. «Кандай келсең, ошондой кетесиң» деген. Кийинки парламентке партиялык шайлоо президенттин түбүнө жетет болуш керек. Анткени шайлоону толук кандуу таза өткөрүүгө азыркы бийликтин кудурети жетпейт. Кечээги рефрендумдагыдай болуп административдик ресурс колдонулуп, фальcификация болот. Ага партиялар, саясатчылар чыдабайт, бир топ жерде контролдойт дагы элди көтөрүп чоң тополоңго алып келиши мүмкүн.

«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Шерниязов дагы парламенттик шайлоону референдумдагыдай кылып бийлик каалгандай өткөрүүнү көздөсө арты жакшылыкка алып келбейт, деген оюн билдирди.

«Кайран Эл» партиясынын лидери Дооронбек Садырбаевдин айтымында, Кыргызстанда мыйзамдуулук жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

-Акаев менен Бакиев мыйзамды сыйласа Аксы окуясы боюнча сотко барып туруп, өздөрүнүн ак экенин далилдеп туруп анан мыйзамдуулукту талап кылыш керек эле. Биздин өлкөдө Акаев тарабынан деле Бакиев тарабынан деле мыйзам өздөрү үчүн иштесе жакшы, өздөрүнүн кызыкчылыгына иштебей калса жаман болуп атпайбы.

Экс-спикер Марат Султанов 22-октябрда Жогорку Кеңеште акыркы маалымат жыйынын өткөрүп жатып, президент парламентти таркатууда 2003-жылдагы Конституцияга ылайык өз укугун колдонду, президенттин жардыгы укуктук жактан туура эле болду, деген көз карашын билдирди.

XS
SM
MD
LG