Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

АНКАРА ТҮНДҮК ИРАККА КОЛ САЛУУГА ЖОЛ БЕРБӨӨНҮН ЖОЛУН ИЗДӨӨДӨ


Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан учурда Ирактын баш калаасы Багдадда жүрөт. Ал ирак жетекчилерин орток чек аранын аймагындагы күрдү козголоңчуларды теске салууга көндүрүүгө аракет кылмакчы. Кошмо Штаттары НАТОго мүчө болгон Түркияны Ирактын аймагында куралдуу операция баштабоого чакырууда. Түркиядагы күрдү сеператисттери 1984-жылы түрк мамлекетине каршы куралдуу согуш баштагандан берки кандуу чабуулдарда 35 миң чакты киши курман болгон.

Өткөн аптанын соңунда Күрдистандын жумушчу партиясынын козголоңчулары чек ара аймагында дагы 12 түрк аскерин атып өлтүрүштү. Анкара бул чабуулдарга байланыштуу Түндүк Иракка кол салбаш үчүн дипломатиялык аракеттерге басым жасоого сөз берген. Мына ушул убаданы аткаруу далалатында Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан Багдадга барды. Бирок жолго чыгаардын алдында ал дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпаса, анын өлкөсү чек арадан өтүп барып, Жумушчу партиясы ПККнын согушкерлерине чабуул жасоодон кайра тартпай тургандыгын мындайча эскертти:

Албетте, бүгүнгө чейин биз диалогго жана дипломатияга артыкчылык берип келдик. Бирок терроризмге каршы күрөштө дипломатия, диалог жана саясий методдордон башка да жолдор бар. Согуштук операция да терроризмге каршы күрөштүн бир жолу.

Бабажан шейшембиде Ирактын өкмөт башчысы Нури ал-Малики, тышкы иштер министри улуту күрд Хошияр Зебари жана башка жетекчилер менен жолугушууда. Ирактын президенти Жалал Талибани да улуту күрд. Ал дүйшөмбүдө күрддөрдүн ал-Сулаймания шаарында болгондо түрктөрдүн чабуулун алдын-алууга болот деген үмүтүн билдирди.

Анын аралыгында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Лондонго барды. Мында ал Британиянын премьер-министри Гордон Браун менен жолугушууда. Эрдоган сүйлөшүүдө Күрдүлөрдүн жумушчу партиясынын чабуулдары күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болоорун маалымдаган.

Өткөн аптада Түркиянын парламенти өкмөткө ПККнын базаларын жок кылуу үчүн Түндүк Иракка чабуул жасоого көрсөтмө берген. Түркия Ирак менен чек арасын бойлото 100 миң аскер жайгаштырды. Анкаранын ырастоосунда, Түндүк Иракта ПККнын 3 миң согушкери бар. Түркиянын армиясы алардын базалары деп шектелген жайларды дээрлик күндө аткылап турат.

Түркия Түндүк Ирактагы күрддөрдүн автоном аймагына кол салса, Ирактын калган аймактарында, жалпы эле Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп кетет деген тынчсыздануулар айтылууда.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG