Президент Курманбек Бакиев бүгүн Өкмөт үйүндө Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясына кол койду. «Биз бул чечимди кабыл алуу менен эки жылга созулган конституциялык реформанын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгардык. Натыйжасы – эл жактырып кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясы. Ал негизинен демократия куруу жолунда, биздин өлкөдө жарандык коом куруу жолунда жана адам укуктарынын артыкчылык абалын бекемдөө жолунда алдыга карай чоң кадам болуп саналат»,- деп баса белгиледи сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев. Бул окуяга арналган салтанатка премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана башка официалдуу адамдар катышты. Бир күн мурда таркатылган Жогорку Кеңештин жетекчилери жана депутаттар катышкан жок. Конституциянын жаңы редакциясы жана Шайлоо Кодексинин долбоору 21-октябрда болгон референдумда 75 пайыздан ашуун добуш менен кабыл алынган. Жаңы Конституция жана жаңы Шайлоо Кодекси боюнча келерки парламенттик шайлоо биринчи жолу бүтүндөй партиялык тизме менен жүргүзүлөт. Президент бүгүн Конституцияга кол коюу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө кезексиз парламенттик шайлоону 16-декабрга дайындаган Жарлыгын чыгарганын билдирди. (KCh)