Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

ТАЖИКСТАНДА ХРИСТИАНДЫК УЮМДАРДЫН ИШИ ТОКТОТУЛДУ


Тажикстанда өкмөт Иегованын күбөлөрү деп аталган христиандык диний уюмдун ишмердигине убактылуу тыюу салды. Бийликтер алардын тажик армиясында кызмат өтөөдөн баш тартканы жана мындай баш тартууга чакырган үгүт-иштери үчүн ушундай чара көрүлгөнүн билдирүүдө.

Иегова күбөлөрүнүн ишмердүүлүгү убактылуу токтотулганы тууралуу Азаттыктын тажик кызматы кабарлады. Алардан тышкары дагы эки христиан уюму – Хаят Фараван же "Бакубат жашоо" деп аталган евангелисттик уюмга жана Ехая же "Кайра жаралуу" деген миссионердик топко да өз ишин үч айга токтотуу буйрулду.

Саидбек Мухамадалиев Тажикстандын маданият министрлигиндеги диний иштер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси. Ал Азаттыкка Иегова күбөлөрүнүн ишине салынган тыюуга байланыштуу буларды билдирди:

Иегованын күбөлөрү деп аталган диний уюмдун ишмердиги тажик армиясында милдеттүү кызмат өтөө тууралуу тажик конституциясынын беренесине каршы келет. Алар баракчаларды таркатып, мындай кызматка каршы үгүт жүргүзүшкөн. Бул бардык мамлекеттердин мыйзамдарына каршы келет. Азыр уюмдун иши толугу менен токтотулду.

Иегованын күбөлөрү аскердик кызматтан өзлөрүнүн "христиандык нейтралдуулук" деп аталган жобосуна таянып баш тартышат. Алар ошондой эле саясий кызматта иштей алышпайт.

Иегованын күбөлөрү борбор азиялык башка өлкөлөрдө да бар. Алардын Казакстандагы уюмунун жетекчиси Федор Житников тажик бийликтеринин чечимине өтө таң калганын мындайча билдирди:

- Биз айран таң калдык. Мындай чечимди күткөн эмеспиз.

Тажик бийликтери бул уюмдар үгүт-насаат иштерин күч алдырып, өлкөгө көп сандагы диний адабият алып келип жатат деп ырастоодо. Алар ошондой эле бул уюмдардын башка диндерди сындаганы тажик мыйзамдарына каршы келерин белгилеп жатышат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG