Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

БШК: РЕФЕРЕНДУМДА КАЛКТЫН 76 ПАЙЫЗЫ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КОЛДОДУ


Мээрим Султангазы. 21-октябрда өткөрүлгөн жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо боюнча БШКда отурум өттү. Анда референдумга калктын 80,6 пайыздайы катышкандыгы, Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясын өлкө атуулдарынын 76,1 пайызы колдогону маалымдалды. Мындан тышкары отурумда Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча токтом кабыл алынды.

Бишкектин, Ош шаардык жана областтык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде БШК референдумда Конституциянын жана Шайлоо кодексинин жаңы редакциясына “ооба” деп добуш берген атуулдардын саны 2 миллион 78 миңден ашканын, бул добуш бергендердин 76,1 пайызын түзгөнүн билдирди. Ал эми “жок” деп добуш бергендердин саны 3,6 пайыз.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Дамир Лисовскийдин билдиргени боюнча калктын басымдүү бөлүгү Конституциянын жана Шайлоо кодексинин жаңы редакциясын колдоду:

- Референдум жөнүндө мыйзамдын 34-беренесине ылайык, Шайлоо кодексинин 10-беренесине ылайык, БШК шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдорун бекитүү, 21-октябрда өткөн референдум мыйзам чегинде ишке ашкандыгы тууралуу токтом кабыл алды.

БШКнын мүчөлөрү, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын жана Каракулжа, Керметоо жана Балыкчы шайлоо округдарындагы шайлоо комиссияларынын милдеттерин токтотуу боюнча токтом кабыл алышты.

Эми бул токтомдор үч күн аралыгында “Эркин тоо” гезитинде жарыяланышы керек.

БШКнын референдумдун жыйынтыгы боюнча расмий билдирүүсүнөн кийин, президент Курманбек Бакиев Конституциянын жаңы редакциясына жана Шайлоо кодексине кечээ кечинде дароо кол коюп, парламенттик шайлоо 16-декабрга белгиленин жарыялады:

Бул жолку шайлоо жаңы кабыл алынган Шайлоо кодекси боюнча биринчи жолу бүтүндөй парламентке партиялык тизме менен өткөнү турат.

Анткен менен 21-октябрда өткөн референдумдун расмий жыйынтыгына, анын мыйзам чегинде өткөнүнө сын пикирлер арбын болууда. Маселен “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошуракунова жалпы элдик добуш берүүгө калктын 30 пайыздан ашпаган бөлүгү катышкандыгын, добуш берүүнүн жайыныктары эски бийлик учурундагыдан да жаман бурмаланганын билдирди.

Белгилей кетсек, референдумда өткөн мыйзам бузуулар боюнча өз тынчсызданууларын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги, ЕККУ да билдиришти.

XS
SM
MD
LG