Роберт Гэйтстин айтышынча, Вашингтон- Москва арасында курчуп бараткан араздашууга карабай, АКШ Россияны стратегиялык өнөктөш катары билет:
-Менин оюмча, Россия өзү негиз бермейинче, аны биз стратегиялык өнөктөш деп биле беришибиз керек. Арийне, көбүрүп- жабырган сөздөр жана чоң билдирүүлөр көп болуп жатканы менен, конкреттүү ишке келгенде Россия алиге арты оңолгус эч кандай чечим кабыл албады.
Гэйтс Прагага АКШнын Чехия менен Польшага ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планын талкуулаганы келген. Ал шейшемби күнү Чехиянын премьер- министри менен чогуу өткөргөн пресс- конференцияда Ирандын ракета коркунучун ишенимдүү тастыктаган далилдер болмоюнча, ракетадан коргонуу системасын пайдаланбай койо турушу ыктымал экенин билдирген. Бул система Россиянын коопсуздугуна шек келтирет деп, Москва ага башынан каршы.
“Ирандын ядролук программасы, Косово чатагы, АКШнын ракетадан коргонуу планы сыяктуу талаштуу маселелер АКШ- Россияны дагы бир Кансыз согушка алып барбайбы?” деген суроого Роберт Гэйтс мындай деди:
- Ортодо ар кандай курч сөздөр айтылса да, биз өз ара кызматташа алчу жана кызматташып жаткан тармактар бар. Биздин ракеталарыбыз бири бирибизге багытатталып, адамдардын үшүн алгандай глобалдык атаандашуу же глабалдык чатакташууга окшогон эч нерсе жок. Азыр дүйнө такыр башка деп ойлойм.
АКШнын коргоо министри Москванын НАТОго альтернативалуу Шанхай кызматташуу уюму, Жамааттык коопсуздук келишими сыяктуу уюмдарды түзүү аракетине Батыш ашыкча тынчсызданбашы керек экенин белгилей кетти:
- Айрым өлкөлөр башка өлкөлөрдү биригүүгө чакырса эле биз коркуп, каруубузга карабашыбыз керек. Кошмо Штаттары жана НАТО союзу дүйнөдө эгерим жок кубаттуу альянс. Менин оюмча, биз өз көлөкөбүздөн өзүбүз коркпошубуз керек.
Роберт Гэйтстин оюнча, Грузиянын НАТОго өтүү планы- бул эки жактын кызыкчылыктарына жараша чечилчү маселе. Ал эми украиндер арасында НАТОго өтүү боюнча мунаса жок болгондуктан, Гэйтс жакынкы жылдары Украина НАТОго кабыл алынарына ишенбейт.